ИСЛАМ ТЫНЧТЫКТЫН ЖАНА СҮЙҮҮНҮН ДИНИ;
АЗ. ИСА (АС) МЕНЕН АЗ. МЕХДИ (АС) ЧЫККАН ДООР ТЫНЧТЫК, БЕЙПИЛДИК ДООРУ БОЛОТ
Исламдын тынчтыктын,
сүйүүнүн жана бир туугандыктын дини экени жөнүндөгү Куран аяттары:
Эй ыйман келтиргендер, баарыңар
тобуңар менен «тынчтык жана бейпилдикке (Силмге, Исламга) киргиле жана
шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Себеби ал - силерге апачык бир душман. (Бакара
Сүрөсү, 208)
Аллах тынчтык мекенине
чакырат жана кимди кааласа туптуура жолго багыттап-жеткирет... (Йунус Сүрөсү,
25)
... Ким бир жанды, ал
башка бирөөнү өлтүрүп же бир бузукулук чыгарбаса да (эч күнөөсүз жерден)
өлтүргөн болсо, бардык адамдарды өлтүргөндөй (күнөө кылган) болот... (Маида
Сүрөсү, 32)
Момундар (ыймандуулар)
бир тууган. Демек бир туугандарыңардын арасын оңдогула жана Аллахтан
коркуп-тартынгыла; ошондо боорукердик табаарсыңар. (Хужурат Сүрөсү, 10)
Аллахка жана Элчисине
моюн сунгула жана өз ара урушуп талашпагыла, маанайыңар түшүп, күчүңөр жоголот.
Сабыр кылгыла. Күмөнсүз, Аллах сабыр кылгандар менен бирге. (Энфал Сүрөсү, 46)
Ыйман келтиргендер жана
салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандар болсо, Рахман (Аллах) алар үчүн бир
сүйүү кылат. (Мерйем Сүрөсү, 96)
Силер адамдар үчүн
чыгарылган жакшы бир үммөтсүңөр; маруфту (жакшы жана Исламга туура келгенди)
буюруп, мүнкерден (жаман иш, күнөөлөрдөн) тососуңар жана Аллахка ыйман
кыласыңар. (Али Имран Сүрөсү, 110)
Сен кечирим (же
жеңилдик) жолун танда, (Исламга) ылайык болгонду буйрук кыл жана
караңгы-сабатсыздардан жүзүңдү бур. (Аьраф Сүрөсү, 199)
Аз. Иса (ас)дын жер жүзүнө тынчтык
менен сүйүү алып келээри, кылмыш, зулумдук менен согуштарды токтотоору
жөнүндөгү хадистер:
Аллахка ант, Мерйем уулу Иса адилеттүү бир өкүмдар
катары сөзсүз түшөт... Жана бүт ДУШМАНДЫКТАР,
УРУШТАР, КЫЗГАНЫЧТЫКТАР СӨЗСҮЗ ЖОК БОЛОТ... (Ölüm
Kıyamet Ahiret, б. 498)
Иса бин Мерйем (ас) менин үммөтүм
ичинде;
Адилеттүү бир өкүмдар жана адилеттүү
бир имам болот,... (Зиммилерден) Салыкты алып салат, идиш сууга толгон сыяктуу, ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. Дин биримдиги
да болот, андан соң Аллахтан башкага сыйынылбайт. (Sünen-i İbni Mace, 10/334)
Иса (ас) үммөтүм ичинде адилеттүү
бир өкүм чыгаруучу, толук адилеттүү бир имам –өкүмдар- катары болот... БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, КЕКЕНҮҮЛӨР ЭЭРИП ЖОК
БОЛОТ... Жер жүзү күмүш табак сыяктуу болот жана Азрети Адам заманындагы
сыяктуу (мол) өсүмдүктөрүн чыгарат... (Ölüm-Kıyamet-Ahiret,
б. 496)
Идиш сууга толгон сыяктуу ЖЕР ЖҮЗҮ ТЫНЧТЫККА ТОЛОТ. ЭЧ КИМДИН
АРАСЫНДА БИР ДУШМАНДЫК КАЛБАЙТ. ЖАНА БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, УРУШТАР, КЫЗГАНЫЧТЫКТАР
СӨЗСҮЗ ЖОГОЛОТ. (Sahih-i Müslim (Сахихи
Муслим), 1/136)
Анан кырк жыл өмүр сүрөт. Анын заманында эч ким өлбөйт. Адам кой менен айбандарына (баргыла,
оттогула) дейт; алар кетишет, эгиндин ортосунан өтүп баратып бир башак да
ооздоруна алышпайт. Жылан менен чаяндар эч кимге зыян тийгизишпейт. Жырткыч
айбандар эшиктердин алдында туруп эч кимге зыяндары тийбейт... (İmam Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, б. 1699, б. 184)
Адамдар арасындагы ДУШМАНДЫКТАР МЕНЕН КЕКЕНҮҮЛӨР ЖОГОЛОТ. Чаян менен жыландардын
уулары болбойт, ал тургай бир жаш бала колу менен жылан менен ойноп, жылан аны
чакпайт. Жаш кыз арстанды качууга мажбурлайт, арстан ага тийишпейт. Бөрү койлор
арасында бир койчунун ити сыяктуу кайтарып турат. Идиштин сууга толушу сыяктуу
жер жүзү дин биримдигине толот. Аллахтан башкага сыйынылбайт. СОГУШ, УРУШ ДЕГЕНДЕН ЭЧ НЕРСЕ КАЛБАЙТ...
Жер жүзү күмүш дасторкондой болот. Өсүмдүктөрүн Адам заманындагы сыяктуу
чыгарат. Бир сабак жүзүмгө бир аскер тойот. Бир топ адам жалгыз анарга тойот.
Бир өгүздүн баасы ушунчалык болот, бир канча дирхамга бир ат сатып алынат.
Айтылды:
«Эй Аллахтын Пайгамбары! Эмне үчүн ат анчалык арзан
болот?»
«СОГУШ
БОЛБОГОНДУКТАН АГА КӨП МУКТАЖДЫК КАЛБАЙТ.»
«Эмне үчүн өгүз анчалык кымбат болот?»
«Жер жүзүнө бүт эгин айдалгандыктан, ал өтө керек
болот...» (Ibn-i Mace benzerini
Ebu Ümame'den nakletti, Büyük Hadis Külliyatı, Rudani, 5-том, б. 370-371-372)
Иса Алейхиссалам үммөтүм
ичинде адилеттүү бир өкүм берүүчү, толук адилеттүү бир имам –өкүмдар- катары
болот... БҮТ ДУШМАНДЫКТАР, КЕКЕНҮҮЛӨР ЖОК БОЛОТ, ар уулуу айбандын уусу
чыгарылып алынат. Ал тургай,
жаш бала колун жыландын оозуна салса, жылан балага зыян бербейт. Жаш кыз
арстанды (жакшы көрүп) кысат, арстандын балага зыяны тийбейт. Бөрү койлордун
арасында аларды коргоочу иттери сыяктуу болот. ЖЕР ЖҮЗҮ, ИДИШ СУУГА ТОЛГОН
СЫЯКТУУ, ТЫНЧТЫК МЕНЕН БЕЙПИЛДИККЕ ТОЛТУРУЛАТ. (Ошол кезде) жалгыз келме
(б.а. тавхид (жалгыз Аллах) келмеси) болот жана бир гана Аллахка сыйынылат.
Согуш (адистери) ООРДУКТАРЫН (Б.А. КУРАЛ-ЖАРАК ЖАНА БАШКАЛАРДЫ) ТАШТАЙТ... (Ölüm Kıyamet Ahiret, б. 496-497)
(Аз. Иса Алейхиссалам) Анан кырк жыл өмүр сүрөт. АНЫН ЗАМАНЫНДА ЭЧ КИМ ӨЛБӨЙТ. Адам кой менен айбандарына
(баргыла, оттогула) дейт; алар кетишет, эгиндин ортосунан өтүп баратып бир
башак да ооздоруна алышпайт. Жылан менен чаяндар эч кимге зыян тийгизишпейт.
Жырткыч айбандар эшиктердин алдында туруп эч кимге зыяндары тийбейт. Киши бир
өлчөм буудай алып өгүзсүз жана сокосуз эгет, андан жети жүз өлчөм буудай алат. (İmam
Suyuti, Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, б. 184)
Жети жыл бою ЭЧ КИМ ЭЧ КИМГЕ ДУШМАНДЫК КЫЛБАЙТ.» (264- İbn Mende, a.e.II 958-9, el-Mukaddesi, a. E. Vr.
136- a 137-b)
Анын (Аз. Иса) заманында топурак
(жер) тереңдердеги казыналарын чыгарат. Адамдар мал-мүлккө муктаж болушпайт. Кызганычтык менен кекенүүлөр жоголот.
Аллах бүт уулуу жандыктардын ууларын жок кылат. Ошентип жаш балдар жылан жана
чаяндар менен ойноп, эч зыян көрүшпөйт. Бөрү койго зыян бербейт. АДАМДАР БИР-БИРИН ӨЛТҮРҮШПӨЙТ. ЖЕР ЖҮЗҮНӨ
ТЫНЧТЫК ОРНОЙТ. Топурак алгачкы замандардагы сыяктуу мол түшүм берет. (265- bk. Müsnet, II, 409, 437; es-Sefarini, Levami, II 95) (İslam inancı
açısından nüzul-i İsa meselesi, Dr. Zeki Sarıtoprak, Çağlayan yayınları,
İzmir-1997, б. 96)
Адамдар арасында себептери жоголгон үчүн
КЕКЕНҮҮ МЕНЕН ДУШМАНДЫККА ОРУН
БОЛБОЙТ... (Kıyamet
Alametleri, б. 242-243)
Кошумча маалымат үчүн караңыз:
YanıtlaSilhttp://mehdikelet.blogspot.com/
Жана ошондой эле:
http://harunyahya-kg.blogspot.com/
http://kurankeremetteri.blogspot.com/