Жер жүзү коопсуздукка
толот жана ал тургай бир канча аял жанында эч эркек болбостон, бейпил гана
ажылыкка барышат.
(Nuaym b. Hammad, vr. 74b; Suyuti, т. II, б. 77;
El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 23)
Мурда зулумдукка толгон дүйнөнү адилеттикке
толтурат. Адилети ушундай даражада болот:
уктап жаткан бирөө да ойготулбайт жана бир тамчы кан да төгүлбөйт. Дүйнө
«Асры Саадет» дооруна кайткандай болот. (Nuaym b.
Hammad, K. Fiten vr. 77b; Suyuti, т. II, б. 77; El
Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 29)
Рүкун менен Макам арасында ага моюн сунулат. Аз.
Мехди (ас) ушунчалык мээримдүү болгондуктан, анын убагында бир адам да уйкусунан ойготулбайт, бир адамдын да мурду
канабайт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar,
б. 42)
БҮТ УРУШТАРДЫН ЖАНА
ТҮШҮНБӨСТҮКТӨРДҮН ТОКТОШУ
Согуш (адистери) да
салмактарын (курал-жарак, жабдыктарын) таштайт. (Sünen-i İbn Mace, 10/334)
Идиш сууга толгон
сыяктуу жер жүзү тынчтыкка толот. Эч кимдин арасында бир душмандык калбайт.
Жана бүт душмандыктар, уруштар, кызганычтыктар сөзсүз жок болот. (Sahih-i Müslim (Сахихи Муслим), 1/136)
Согуш (адистери)
салмактарын (б.а. курал-жарак ж.б.) таштайт. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve Ahir Zaman Alametleri, б. 496)
Душмандык менен кекти да
жок кылат. Уулуу бүт
айбандардын уусу жулуп алынат. Ал тургай, кичинекей бала колун жыландын оозуна
салат, жылан ага зыян тийгизбейт. Бөрү кой-эчки тобу арасында топтун ити
сыяктуу болот. (Sünen-i İbni Mace, Kitabü-l fiten Tercemesi ve
Şerhi- Kahraman Neşriyat, том 10, Mütercim: Haydar Hatipoğlu, бап 33, б. 331-335)
Анын заманында бөрү
менен кой чогуу ойнойт, жыландар жаш балдарга зыян тийгизбейт. Адам бир ууч урук таштап, 700 ууч түшүм алат. (El Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 43)
СҮЙҮҮ ЖАНА БИР ТУУГАНДЫКТЫН ЖАЙЫЛЫШЫ
Аллах биз аркылуу адамдарды ширк душмандыгынан
куткарып, алардын жүрөктөрүнө достук менен сүйүү орнотуп, дин бир тууганы
кылган сыяктуу, Аз. Мехди (ас) аркылуу
фитна душмандыгынан куткарып, бир тууган кылат. (Taberani'den,
Heysemi, т. VII, б. 317; Nuaym
b. Hammad, vr 52b; Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 20)
Менин урпактарымдан Мухаммед б.
Абдуллах (Мехди) аркылуу Улуу Аллах сүннөттөрдү жандантат. Анын адилеттик жана
берекети менен момундардын жүрөгү кубанат. Ажем
(арап эмес) жана арап элдери арасында достук менен сүйүү орнойт. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, б. 66)
Биз аркылуу алар араларындагы ширк
менен душмандыктан кутулуп, жүрөктөрүнө
достук менен сүйүү орногон сыяктуу, (анын келиши менен) кайра ошондой болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, б. 20)
ӨМҮРЛӨРДҮН УЗАРЫШЫ
Хадистерде да айтылгандай, акыр
замандын жана Аз. Мехди (ас)дын чыгуу белгилеринин бири – ал куттуу доордо
«өмүрлөрдүн узарышы». Бул жөнүндөгү хадис жана риваяттардын кээ бирлери
төмөнкүдөй:
Анын (Аз. Мехдинин)
заманында өмүрлөр узарат. Өмүрлөрдүн узарышы анын (Аз. Мехди (ас)дын) да узун өмүрлүү болушун зарыл
кылат. (Kıyamet Alametleri, б. 184)
Анын (Аз. Мехди (ас)дын) заманында... өмүрлөр
узарат жана аманатка зыян келбейт... (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il
Mehdiyy-il Muntazar, б. 43)
Өмүрлөр узарат, аманаттар ордуна
кайтарылып берилет. (İmam Suyuti,
Kıyamet Alametleri, Ölüm ve Diriliş, бет: 1699, бет: 179)
Мурдакы доорлордо да адам өмүрүндө
салыштырмалуу өсүш болгон, бирок эч кайсы доордо 21-кылымдагы сыяктуу даана бир
өсүш болгон эмес. Изилдөөлөр адам өмүрүнүн бул кылымда 50%га
өскөнүн, 100 жашынан өткөн адамдардын санынын келечекте бир топ көп болоорун
көрсөттү.
Кылымдар боюнча адам өмүрүнүн
узарышы
1800-жылдары орточо өмүр сүрүү
мөөнөтү 24 жыл
1900-жылдары орточо өмүр сүрүү
мөөнөтү 48 жыл
2000-жылдары орточо өмүр сүрүү
мөөнөтү 63 жыл
20-кылымдын аягы менен 21-кылымдын
башында ген технологиясындагы өнүгүүлөр менен генетикада жүргүзүлгөн
изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктар «өмүрлөрдүн мындан да узарышын» көрсөтүүдө.
Мисалы, National Geographic журналындагы бир кабарда «Көбүрөөк жана ден-соолукта өмүр сүрүү үчүн керектүү формуланын өтө
жакында аптекалардан табылаары» жазылган. Адамдын узун өмүрлүү болушун
камсыздоочу генди табышканын айткан илимпоздор жакынкы келечекте адам өмүрүнүн
100 жылдан ашаарын айтышууда. Жүргүзүлгөн башка бир изилдөө болсо ушул жылдары
төрөлгөн балдардын 125-150 жашка чейин жашаарын айтууда. Көп изилдөөчүлөр болсо
21-кылымдын экинчи жарымында «150 жаштагы адамдардын кадыресе көрүнүш болоорун»
айтышып, адам өмүрүнүн 21-кылымда мурдакы замандар менен салыштыргыс даражада
узараарына көңүл бурушууда.
Пайгамбарыбыз (сав) мындан 1400 жыл
ашуун убакыт мурда кабар берген бир маалыматтын мынчалык апачык, даана ишке
ашышы, күмөнсүз, момундар үчүн өтө баалуу бир кубанычтуу кабар. Бул кабар
сыяктуу, Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын башка кабарлары да бир-бирден ишке ашып,
21-кылымда адамзат өтө куттуу окуяларга күбө болот. Аллахтын уруксаты менен,
Аз. Иса (ас) кайрадан дүйнөгө келет, Аз. Мехди (ас) чыгат, жана бул куттуу
заттар аркылуу Ислам ахлагы бүт дүйнөгө орнойт. Ислам ахлагынын жер жүзүнө
жайылып орношу Куранда да убада кылынган бир кубанычтуу кабар. Нур Сүрөсүнүн
55-аятында Раббибиз мындай дейт:
Аллах араңардан ыйман келтиргендерге
жана салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарга убада кылган: Эч күмөнсүз,
алардан мурдакыларды «күч жана бийлик ээси» кылган сыяктуу аларды да жер
жүзүндө «күч жана бийлик ээси» кылат, алар үчүн тандап жактырган динин аларга
бекемдеп, жайгаштырат жана аларды коркууларынан кийин бейпилдикке айландырат...
(Нур Сүрөсү, 55)
Адам өмүрүнүн жогорку
чеги барбы?
Хүррийет гезити,
2004-ж. 18-март
(İnsan Ömrünün Üst Sınırı Var mı? Hürriyet Gazetesi, 18 Mart 2004)
Кээ бир илимпоздордун
айтымында азыр төрөлгөн балдар 150 жашка чейин жашай алат, кээ бирлери болсо
узун өмүр сүрүүнүн жогорку чеги жок деген пикирде. Өмүр сүрүү мөөнөтү ар 10
жылда тынымсыз 2 жылга узарууда. Бул боюнча, 2150-жылы орточо өмүр узактыгы
122,5 жыл болот жана 150 жашка жеткен адамдар кадыресе кабыл алынат. АКШда
учурда 100 жаштан өткөн 40000 адам бар. Бул көрсөткүч 1950-жылдары 2300
тегерегинде эле. Германия Ростоктогу Макс Планк Демографиялык изилдөө
институтунан Джеймс Ваупел (James Vaupel) жүз жаштагы адамдардын санынын индустриалдашкан өлкөлөрдө ар 10 жылда эки
эселенгенин айтат.
(http://webarsiv.hurriyet.com.tr/200403/18/429832.asp Tempo Dergisi (Темпо журналы), 25-июнь 2004-ж.)
19-кылымдын аягынан бери адам өмүрү
дээрлик эки эсеге узарды. Генетикалык медицинадагы өнүгүүлөр урматында адам
өмүрүнүн мындан да узараары божомолдонууда. Anti-Aging медициналык журналы жүргүзгөн изилдөөдө 60 улгайгандар адисинен 2100-жылы
төрөлө турган бир наристенин канча жашашын божомолдошу суралган. Адистердин
көпчүлүгү суроого «эң аз 100 жыл» деп жооп берсе, кээ бирлери өмүр сүрүү
мөөнөтүнүн 150, ал тургай, 200 жыл болушу мүмкүн экенин айтышты.
Узунураак жашоо
мүмкүнбү? Радикал гезити 21-апрель 2002-ж.
(Daha Uzun Yaşamak Mümkün Mü? Radikal Gazetesi, 21 Nisan 2002)
... 19-кылымдын
аяктарында «Өнөр-жай төңкөрүшү» менен илимдеги өнүгүүлөр өткөн кылымда
медицинада укмуш өнүгүүлөргө жол ачты. Бул жагдай адам өмүрүн 50%га узартты…
Орточо жаш чеги 40-50 жаштан 60-70 жашка келди. Жаңы миң жылдыкка кирип
жатканда болсо адам жашоосунун сыры болгон гендердеги бузуктуктардын кээ бир
ооруларга себеп болоору аныкталды. Биотехнологиялык өнүгүүлөр эми гендердеги
бузуктуктарды оңдоо чекитине келди.
(http://www.radikal.com.tr/haber.php?haberno=35461)
ӨЛГӨНДӨРДҮН ТИРҮҮЛӨРГӨ СУКТАНЫШЫ
Алар ар заалымды жана жаббар
(зордукчул) уулу жаббарды жеңет. Анын доорунда өлгөндөр тирүүлөргө суктана турган бир адилеттик болот. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir
Zaman, б. 68)
Заманы ушунчалык адилеттүү
болгондуктан, кабырдагы өлүктөр
тирүүлөргө суктанышат... (El-Kavlu'l Muhtasar fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, б. 22)
Ал тургай жашап
жаткандар (алардагы нематтарды көрүшү үчүн) өлүктөр жашап жаткан болгондо
дешет. (Ölüm-Kıyamet-Ahiret ve
Ahir Zaman Alametleri, б. 437)
Бедиүззаман Саид Нурси да Аз. Мехди
(ас)дын андан кийинки доордо келип Ислам ахлагын орнотоорун айтып жатканда,
кабырынан ал сонун доорду көрүп шүгүр кылаарын айткан:
Кошумча маалымат үчүн караңыз:
YanıtlaSilhttp://mehdikelet.blogspot.com/
Жана ошондой эле:
http://harunyahya-kg.blogspot.com/
http://kurankeremetteri.blogspot.com/