Расулуллах (сав): «Мен кыямат боло турган саатта
жөнөтүлдүм. Бирок мунун мындан өтүшү сыяктуу мен кыямат саатынан өтүп бир аз
алдыда келдим!» деди жана ортому менен сөөмөйүн көрсөттү. (Күтүби
Ситте, Мүстеврид Ибну Седдад эль-Фихриден
риваят кылынган, хадис №5026) Тирмизи, Фитен 39, (2214).] [50]
Расулуллах (сав): «Мен кыямат ушундай жакын кезде
жөнөтүлдүм!» деди жана сөөмөйү менен ортомун жанаштырып көрсөттү. (Күтүби Ситте, Сехл Ибну Саъддан риваят
кылынган, хадис №5025) [Бухари, Рикак 39, Тафсир, Назиат 1, Талак 25; Мүслим, Фитен 132,
(2950).] [49]
Абдуллах Ибну Хавале эль-Эзди (ра)нин жанына
түштүм. Мага: «Расулуллах (сав) бизди олжо алгыла деп жөө жөнөттү. Биз болсо
кайттык жана эч олжо ала албадык. Чарчаганыбызды жүзүбүздөн түшүнүп арабызда
түздөлүп: «Эй Аллахым, аларды мага тапшырба; мен аларды мойнума алуудан
алсызмын! Аларды өздөрүнө да тапшырба, бул иштен өздөрү да алсыз. Аларды башка
адамдарга да тапшырба, өздөрүн биринчи ойлошот!» деди. Анан колун башымын
үстүнө койду жана «Эй Ибну Хавале! Халифалыктын (Мединадан) Арзы Мукаддесеге (Дамаскка)
жылганын көрсөң, билип кой, эми зилзалалар (жер титирөөлөр), азаптар, чоң
окуялар жакын болот. Ал күнү кыямат адамдарга ушул колумдун башына болгон
жакындыгынан да жакын болот» деди. (Күтүби
Ситте, Ибну Зугб эль-Эйадиден риваят кылынган)
Ушул окуялар болмоюнча кыямат болбойт... жер
титирөөлөр көбөйөт... (Ramuz-El
Ehadis, 476/11)
Кыяматтан мурда эки чоң окуя бар... жана андан соң
зилзалалуу жылдар. (Ramuz-El Ehadis, 187/2)
Ушул окуялар болмоюнча кыямат болбойт... Өлүмдөр
жана киши өлтүрүүлөр (кыргындар) көбөйөт... (Camiü's-Sagir,
3:211, Müsned, 2:492, 4:391, 392)
Расулуллах (сав) мындай деди: «Убакыт
жакындашмайынча кыямат болбойт. Бул жакындашуу ушундай болот: бир жыл бир айдай,
ай бир аптадай, апта болсо бир күндөй, күн сааттай, саат болсо бир тамызгынын
күйгөнүндөй (кыска) болот.» (Күтүби
Ситте, Энестен риваят кылынган, хадис №5041)
КҮН БАТЫШТАН ЧЫККАН СОҢ КЫЯМАТКА 120 ЖЫЛ КАЛЫШЫ
МҮМКҮН ЭМЕС
Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир хадисинде
кыяматтын чоң алааматтарынын бири катары күндүн батыштан чыгаарын кабар берген.
«Күн батыштан чыгат, адамдар
жалпылай ыйман келтирет, бирок мурда ыйман келтирбегендердин ыйманы аларга бир
пайда алып келбейт.» (Тежрид-и Сарих котормосу, XII 307;
Мүслим, Фитен, 118)
Хижрий 13-кылымдын улуу мужеддиди
Саид Нурси Азрети болсо бул керемет окуянын кантип ишке ашышы ыктымал экенин Şualar
(Шуалар) китебинде мындайча айткан:
Күндүн батыштан чыгышы жана астынан
даббетүъл-арздын чыгышы. Бирок күндүн батыштан чыгышы болсо апачык (далилдөө
муктаждыгы жок даражадагы) бир кыямат алааматы. Жана ашкерелиги (апачык
болгону) үчүн акылдын эрки менен байланыштуу болгон тообо эшигин жабуучу бир
хадисе-и семавийе (Аллах жараткан окуя) болгондуктан, тафсири (жоромолу) менен
мааниси ачык, түшүндүрүүнүн кажети жок болот. Бирок: Аллаху алем, ал чыгуунун (күндүн
чыгышынын) көрүнүштөгү себеби: дүйнө башынын акылы болгон Курандын анын башынан
чыгышы менен акылын жоготуп, Аллахтын уруксаты менен башын башка планетага
сүзүү аркылуу кыймылынан артка кайтып, батыштан чыгышка өзгөрүп күн батыштан
чыгып баштайт. Ооба, жерди күн менен, жер жана асман менен күчтүү байлаган
хаблуллахиъл-метин (Аллахтын руханий жиби) болгон Курандын тартуу күчү үзүлсө,
жер жүзүнүн жиби үзүлүп, ээн баш, бекерчи болуп тескери жана жөнгө салынбаган
кыймылынан күн батыштан чыгат. Бир жагынан, сүзүшүү натыйжасында Аллахтын
буйругу менен кыямат болот деген бир түшүндүрмөсү бар. (Şualar, Beşinci Şuâ, 510-б.)
Куттуу хадисте айтылган окуя
жөнүндөгү Саид Нурси Азретинин түшүндүрмөлөрү да эске алынганда, кыяматтан бир
аз мурда боло турган бул чоң алааматтын ыктымал бир куйруктуу жылдыздын сүзүшү
менен дүйнөнүн айлануу багытынын тескериге айланышы натыйжасында болоору
көрүнүп турат. Мындай чоң өзгөрүүдөн соң катары менен чоң жер титирөөлөр,
күчтүү бороондор болуп, цунамилер пайда болот, жердин тартылуу күчү бузулат,
атмосфера катмары жоголот, озон катмары бузулат, мунун натыйжасында космостогу
бүт зыяндуу нурлар жерге келип баштайт жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн табигый
кырсыктар болот, чоң ыктымалдык менен кыямат процесси ушундайча башталган
болот. Физика эрежелери жоголо турган мындай бир шарттарда жашоо мүмкүнчүлүгү
болбогондуктан, СЫНОО ДА ТОЛУГУ МЕНЕН
БҮТКӨН БОЛОТ. Бедиүззаман Азретинин бул маанилүү жана укмуштуу окуяны
«тообо эшигин жабуучу бир Аллахтан келген окуя» деп аташы да күн батыштан
чыккан соң сыноонун бүтөөрүнө ишарат кылууда.
КЫЯМАТ КҮН БАТЫШТАН ЧЫККАНДАН 120
ЖЫЛДАН КИЙИН БОЛОТ ДЕП АЙТУУ БОЛСО БҮТ БУЛ ТҮШҮНДҮРМӨЛӨРГӨ КАРАМА-КАРШЫ КЕЛЕТ.
Аллах бул дүйнө шарттарын сыноого
ылайык кылып жараткан. Дүйнөдө акылдын эркин алып койо турган окуялардын
болушуна Аллах уруксат бербейт, себеби антпесе сыноо керек эмес болуп калат.
Аллах дүйнөдө керемет катары жараткан окуяларды дагы бир көз-караш боюнча бир
түшүрдүрмө (жооп) табуу мүмкүн кылып жасайт. Мунун натыйжасында болсо Аллах Ага
ыйман келтирген, Ал жараткан окуялардагы тереңдикти, сырды, чеберчиликти көрө
алган адамдар менен ыйман келтирбеген же күмөнсүрөп жүргөн адамдарды
бир-биринен айырмалайт. Чын ыкластан ыйман келтиргендер менен жасалма, акылы
менен ыйманы алсыз адамдар бирдей болуп калбашы үчүн Аллах дүйнө жашоосунда
акылдын эркин ала турган, б.а. адамдардын эрктерин, өзүнчө ойлонуу жана тандоо
жөндөмүн алып салып, көрөөр замат сөзсүз ыйман келтиришине себеп боло турган
окуяларды жаратпайт.
Күндүн батыштан чыгышы болсо өтө
кереметтүү жана акылдын эркин ала турган бир окуя. Бул окуя болгон соң сыноо
бүткөн болот, тообо кылуу мүмкүнчүлүгү Аллахтын каалоосу менен калбайт жана
кыямат башталат.
Устад Саид Нурси Азрети муну Beşinci Şua
(Бешинчи Шуа)да төмөнкү хикматтуу тараптары менен баса белгилеген:
Ыйман менен теклиф (жоопкерчилик) эрк жагынан (эрк
менен бир нерсени тандай алуу күчү жагынан) бир сыноо, бир тажрыйба, бир жарыш
болгондуктан, пардалуу жана терең жана изилдөө менен тажрыйбага муктаж болгон
назари маселелер (көз-караш жана ой-пикирге таянган жана баштан өтпөгөн
маселелер) албетте ачык (анык) болбойт. Жана бүт адамдар кааласа каалабаса,
тастыктай турган даражада мажбурлуу ишене турган абалда болбойт. Ошентип Абу
Бакирлер ала-йы иллиййинге (бийиктердин эң бийигине) чыгышсын жана Абу Жахилдер
эсфел-и сафилинге (төмөндөрдүн эң төмөнүнө) түшүшсүн. Ыктыяр (бир нерсени
тандай алуу күчү, эрк) калбаса, теклиф (жоопкерчилик) боло албайт. Жана ушул
сыр жана хикмат үчүн, кереметтер сейрек жана анда-санда берилет. Бир жагынан,
дар-ы теклифте (дүйнөдө) көзгө көрүнө турган кыямат алааматтары менен кыямат
шарттары кээ бир мүтешабихаты Куранийе (Куранда бир-бирине окшогон,
метафориялык мааниси да болгон аяттар) сыяктуу жабык жана жоромол жасай турган
абалда болот. БИРОК КҮНДҮН БАТЫШТАН
ЧЫГЫШЫ АНЫК ДАРАЖАДА (ДАЛИЛДӨӨНҮН КЕРЕГИ ЖОК ДАРАЖАДА) БҮТ БААРЫН ТАСТЫКТООГО
(ИШЕНҮҮГӨ) МАЖБУР КЫЛГАНДЫКТАН, ТООБО ЭШИГИ ЖАБЫЛЫП, ТООБО МЕНЕН ЫЙМАН КАБЫЛ
БОЛБОЙТ. (Beşinci Şua)
Күн батыштан чыккан соң бул
дүйнөдөгү жашоо дагы 120 жылга уланат деген пикирдин туура эмес экенин эки
тараптан анык көрүнүп турат. Биринчиси, сыноо жок, тообо кылуу мүмкүнчүлүгү
бүткөн шарттарда 120 жыл жашоонун уланышы Аллахтын мыйзамына туура келбейт.
Экинчиси болсо, күндүн батыштан чыгышы менен бирге катары менен баштала турган
кыямат окуялары адамзаттын жашоосуна мүмкүндүк бербейт. ЧОҢ ЖЕР ТИТИРӨӨЛӨР БОЛГОН, ДЕҢИЗДЕР ЖАРЫЛЫП, ЦУНАМИЛЕР, ӨТӨ КҮЧТҮҮ
БОРООНДОР БОЛГОН, АТМОСФЕРА ЖОГОЛГОН, ОЗОН КАТМАРЫ ЖОК БОЛГОН, ЖАНА ДАГЫ
КӨПТӨГӨН УКМУШТУУ ТАБИГЫЙ КЫРСЫКТАР БОЛУП ЖАТКАН ШАРТТАРДА 120 ЖЫЛ МЫНДАЙ
ТУРСУН, 120 СААТ ДА ЖАШОО МҮМКҮН БОЛБОЙТ. Ушунчалык үрөй учурган, бирок
ошол эле учурда Аллахтын улуулугу кемчиликсиз көрүнгөн андай шарттарда АДАМДАР ЭҢ КӨП 120 МҮНӨТ ЖАШАШЫ МҮМКҮН.
БИРОК ОКУЯЛАРДЫН КАТААЛДЫГЫ АДАМДАРГА АЛ УБАКЫТТЫ 120 ЖЫЛДАЙ СЕЗДИРЕТ.
Бирок Пайгамбар Мырзабыз (сав)
хадисте айткан «күндүн батыштан чыгышы» салыштырмалуу мааниде да болушу мүмкүн.
Анда хадис Аз. Мехди (ас)дын чыгышына ишарат кылган болот. Бул хадистер «күн»
деп Аз. Мехди (ас) айтылган болушу ыктымал. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят
кылынган башка бир хадисте Аз. Мехди (ас) күнгө салыштырылган.
АЗ. МЕХДИ (АС) БҮТ КАЙГЫ МЕНЕН
ЗУЛУМДУКТАРДЫ ЖОГОТУУЧУ КҮН. Берешендик кылганда өтө берекелүү бир жамгыр. (Muhammed B. Resul El Hüseyin El Berzenci, Kıyamet Alametleri, 188-б.)
Күндүн батыштан чыгышы деп айтылган
сөздөгү «батыш» сөзүнүн мааниси болсо бул хадис башка куттуу хадистер менен
бирге каралганда түшүнүктүү болот. Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган
башка бир хадисте Аз. Мехди (ас)дын «батыштан» чыгаары айтылган:
Хафыз Эбу Нуайм риваят кылган куттуу хадисте Расули
Экрем Мырзабыз мындай деген: мына (ошондой мүшкүл бир) убакта МАГРИП (БАТЫШ) МАМЛЕКЕТИНИН ЭҢ АЛЫСКЫ
АЙМАГЫНАН жана Расули Экрем Мырзабыздын урматтуу кызы Фатманын урпактарынан
бир адам чыгат. Мына ошол зат акыр заманда иш-аракет кыла турган Мехди (ас).
Жана Мехди (ас)дын чыгышы болсо кыямат алааматтарынын биринчиси. (Желаледдин
Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri
(Акыр заман Мехдисинин алааматтары), Müellif Ali bin Hüsammeddin el
Muttaki, Kahraman Neşriyat Kitabevi, 16-б.)
Хадисте Аз. Мехди (ас)дын «магрип,
б.а. батыш өлкөлөрүнүн эң алыскы аймагынан» чыгаары кабар берилген. Белгилүү
болгондой, Түркия Ислам өлкөлөрүнүн эң батышында жайгашкан. Хадистеги
маалыматтар Аз. Мехди (ас)дын Түркиядан чыгаарына ишарат кылууда. Бул хадис
эске алынганда күндүн батыштан чыгаарын кабар берген куттуу хадистеги маалымат
да Аз. Мехди (ас)дын батыш тараптан чыгаарына ишарат кылып жатат деп ойлоого
болот.
Анда,
Аз. Мехди (ас)дын чыгышы катары Пайгамбар Мырзабыз (сав)дын башка хадистерине
таянып, Хижрий 1400-жылды негиз алсак, күндүн батыштан чыгышынан 120 жылдан
кийин кыямат башталат деген сөз Хижрий 1520-жылдарга туура келет. Саид Нурси
берген жылдарда болсо Хижрий 1520-жылдар Мусулмандык алсырап баштай турган жана
каапырлардын системасы дүйнөгө толук жайыла турган жылдар. Саид Нурсинин
айтуусу боюнча, бул жылдардан жыйырма-жыйырма беш жылдан кийин кыямат күтүлөт.
(Туурасын Аллах билет)
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder