20 Şubat 2013 Çarşamba

АЗ. МЕХДИ (АС)ДЫН ЧЫГУУ АЛААМАТТАРЫ (БЕЛГИЛЕРИ)-2


21) Чоң окуялардын жана таң калыштуу нерселердин болушу

 

Анын учурунда чоң окуялар болот.

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 27-б.)

Анын заманында канчалаган таң калыштуу нерселер болот.

(Мектубат-ы Раббани, 2/258)

Анын чыгуу мебделери жана мукаддимелери (чыгуу алааматтары) Расулуллах Мырзабыздын ирхасатына* окшош.

(Мектубат-ы Раббани, 2/258)

* Ирхасат: Аз. Мухаммед (сав)дын пайгамбарлыгынан мурда ишке ашкан таң калыштуу окуялар, булар анын пайгамбарлыгын далилдеген окуялар.

 

Аз. Мухаммед (сав) төрөлгөндөн мурун чоң жана таң калыштуу окуялар болгон. Ал туулган түнү жаңы бир жылдыз пайда болгон, отко сыйынган Иран падышаларынын сарайынын 14 мунарасы жыгылган, Иранда 1000 жылдан бери күйүп турган мажуси оту өчкөн, Семави Өрөөнүн сел баскан, Саве Көлү куруп калган.

Жогорудагы риваятта ишарат кылынгандай, Аз. Мехди (ас)дын чыгышы да Пайгамбар Мырзабыз (сав)дыкына окшошот. Анын чыгышында да чоң, таң калыштуу окуялар болот.

Риваяттардын ишараты боюнча Аз. Мехди (ас) чыга турган жыл болгон Хижрий 1400-жылдын (1979-жылдын) баштарында болгон чоң окуялар:

-   Каабага чабуул болду жана көптөгөн Мусулмандын каны төгүлдү.

- 2500 жылдык Иран шахтыгы жыгылды жана Иран Шахы Рыза Пехлеви өлдү.

- Индиянын Бомбей шаарында заводдон чыккан газ 20000 адамдын өлүмүнө себепчи болду.

- Эки Мусулман өлкө болгон Иран жана Ирак арасында 8 жыл боло турган бир согуш башталды.

- Орустар Афганистанды басып алды.

- Азербайжан басып алынды, 1990-ж.

- Мехико шаары күчтүү бир жер титирөө натыйжасында кыйрады.

-   Түндүк Колумбиядагы Невада Дел Руиз вулканы 400 жылдан бери биринчи жолу атылды. Ээриген кар жана муздан пайда болгон ылай себебинен Армеро шаары картадан жоголду. 20000 адам өлдү.

-  Бангладештеги сел 25000 адамдын өлүмүнө себеп болду.

-   Христиандыктын борбору Римди суу басты.

-   1986-жылы Кытайда тарыхтын эң ири токой өртү болду.

- Индия Президенти Ганди, Египет Президенти Энвер Седат, Швеция Премьер-министри Олоф Палме өлтүрүлдү.

-   Папа II. Жан Поль атылды.

-   1980-жылдын башында алгачкы жолу СПИД аныкталды. Бүгүнкү күнгө чейин он миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келген бул оору «Доордун чумасы» деп аталды. СПИД 1960-жылдары Америкада башталган жана ар кандай жыныстык эркиндикти алып келген «Секс революциясын» токтотту.

-   1986-жылы космос ракетасы Challenger учурулгандан кийин жарылып кетти.

- 1986-жылы 26-апрельде Украинадагы Чернобль атомдук станциясында буга чейин кездешкен эң ири атомдук авария болду. Көптөгөн Европа өлкөсү радиацияга кабылды.

-   Озон катмарынын тешилиши Дүйнө климатына көптөгөн тескери таасирлер берди.

-   СССР кулады жана көз-карандысыз өлкөлөр түзүлдү.

-   Ирак Кувейтти өзүнө кошуп алган соң булуңдагы согуш башталды.

-   Армениядагы жер титирөө натыйжасында жер кабырга айланды. 500000 адам үйүн таштады, 40000ден ашык өлдү.

-   1989-жылы Кытайда коммунисттик топ танкалар менен студенттерди тебеледи. Тиананмен майданында 2000 студент өлдү.

-   Кансыз согуштун символу болгон Берлин дубалы курулгандан 28 жылдан кийин жыгылды.

- 1990-жылы Каабадагы туннельде болгон түртүшүүдө 1400дөн ашык ажы көз жумду.

-   1991-жылы Бангладеште болгон селдер натыйжасында 120000ден ашык адам өлдү, миллиондогон адам үйсүз калды.

-   Босниа жана Косоводогу кыргында жүз миңдеген Мусулман өлтүрүлдү жана жүз миңдегени мекенинен куулду.

-   Эбола вирусу он миңдеген адамдын өлүмүнө себеп болду.

-   Эль Нино бүт дүйнө өлкөлөрүнө чоң балакеттер алып келди.

Адам геному долбоору деп аталган 13 жылдык бир изилдөөнүн натыйжасында адам ДНКсынын тизмеги 2003-жылы апрель айында жыйынтыкталды. Натыйжада адам ДНКсындагы болжол менен 30000 ген аныкталып, адамдын ген картасы чыгарылды.

60000 жылда бир болчу бир окуя болду жана Марс планетасы дүйнөгө эң жакын абалга келди.

2007-жылы август айында Америка Кошмо Штаттарында финансылык рыноктордогу кризис башталды жана экономикалык кризис барган сайын күчөп бүт дүйнөгө жайылып баштады.

 

22) Күндөн бир алааматтын болушу

 

Аз. Мехди (ас) күндөн бир алаамат көрүнгөнгө чейин келбейт.

(El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 49-б.)

Күн бир алаамат болуп чыкканга чейин Аз. Мехди (ас) чыкпайт.

(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 33-б.)

 

Күндө мындай чоң бир жарылуу окуясы биринчи жолу биз жашап жаткан кылымда болду.

 

Күн тутулуу

1999-жылы 11-августта болгон күн тутулуу кылымдын акыркы толук күн тутулуусу эле. Биринчи жолу ушунча көп адам күн тутулуусун болгондо да ушунча көп убакытка көрүп, изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал тутулууда көңүл бурган бир жагдай болсо – бул Түркиянын ал толук тутулууну эң жакшы көрө алган өлкөлөрдүн бири болушу эле. Бартындан Силопиге чейин болжол менен 12 шаар менен 100 район тутулууну көрө алган.

Мынча көп ишараттын чогуу жана өтө кыска убакыт аралыгында катары менен ишке ашышы кокустук эмес. Бул ишараттар ишенген кулдар үчүн сүйүнүчтүү кабарлар.

 

23) Чоң шаарлардын жок болушу

 

Чоң шаарлар кечээ эч болбогон сыяктуу жок болот.

(Kitab-ül Burhan Fi Alameti-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 38-б.)

 

Хадисте кээ бир чоң шаарлардын согуштар жана ар кандай табигый кырсыктар натыйжасында жок болооруна ишарат кылынууда. Көптөгөн чоң шаарлар бүт ушул кылым (Хижрий 1300-1400) ичинде жок болду же чоң кыйроого кабылды. Бул окуялар Аз. Мехди (ас)дын чыгышынан мурдакы алаамат катары өтө маанилүү далилдер болууда. Американын 1945-жылы Хиросима менен Нагасакиге таштаган атом бомбасы ал жерде жашаган адамдардын өлүмүнө себеп болуп, шаарды бүтүндөй жер менен жексен кылган.

Биз жашап жаткан кылымда болгон согуштарда көп шаарлар (Берлин, Гамбург, Варшава, Ленинград, Бухарест, Лондон...) толук кыйраган. Ал шаарлар бир топ убакыт өткөн соң гана кайра калыптандырылып бүткөн.

 

24) Жер титирөөлөрдүн көбөйүшү

 

…Жер титирөөлөр көбөймөйүнчө, фитналар ачык болмойунча, кылмыштар көбөймөйүнчө кыямат келбейт.

(Кыямат алааматтары, 109-бет)

 

Пайгамбарыбыз (сав) жогорудагы хадисинде «жер титирөөлөрдүн көбөйүшүн» акыр заман алдында боло турган алааматтардын бири катары айткан. Чындап эле 20-кылым он миңдеген адамдар өмүрүнөн ажыраган жер титирөөлөр менен тарыхта калды. Кобедеги күчтүү жер титирөө, Түркияда, Тайваньда, Грецияда жана Мексикада биринин артынан бири болгон жер титирөөлөр акыр заман жөнүндө абдан маанилүү ишараттарды камтыйт.

 

«Үммөтүмө зилзалалар болот. Бул зилзалаларда он миң, жыйырма миң, отуз миң адам өлөт. Аллах бул өлүмдү муттакилерге (такыбаларга) кеңеш, каапырларга болсо азап кылат.»

(İbni Asakır, Geleceğin Tarihi (Келечектин тарыхы) 1, Orhan Baytan, Mevsim Yayıncılık, 81-б.)

Жашай турган үй, силерди ташый турган жаныбарларды таппай кала турган убак жакындады. Себеби үйлөрүңөдү жер титирөөлөр бузат, жаныбарларыңарды чагылгандар күйгүзүп көмүргө айлантат. (Nuaym bin Hammad, Geleceğin Tarihi (Келечектин тарыхы)  1, 82-б.)

 

Илим жоголмойунча, жер титирөөлөр көбөймөйүнчө, убакыт кыскармайынча, фитналар ачык болмойунча, кылмыштар көбөймөйүнчө кыямат болбойт. (Бухари, Ибни Маже, Кыямат алааматтары,108-бет)

 

Бул үммөттүн кийинки келген урпактары мурда жашап өткөндөрдү (ар кандай айып, шылтоолор менен) жамандаганда, ошондо кызыл шамалдарды, (зилзаланы) жерге чөгүүнү (хасфты) же келбет өзгөртүүнү (месхти) (же асмандан таш жаашын (казфти)) күткүлө. (Тирмизи, Фитен 39, 2211-б., Күтүби Ситте, 14-том, 341-б.)

 

25) Чоң бир окуянын болушу

 

«(1) Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда (2) мединада (3) капкара таштар дагы (4) кан ичине булана турган (5) чоң бир окуя болот. Бул окуяда бир аялдын өлтүрүлүшү (6) бир камчынын шилтенишиндей оңой болот. Жана бул окуя 2 километрдейге созулат.» (EI-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-iI Muntazar, 41)

 

(1) Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда ... Куттуу хадистин минтип башталышы бул окуянын ошол эле учурда Аз. Мехди (ас)дын чыгаарынан мурдакы алааматтардан экенин көрсөтүүдө. Аз. Мехди (ас)дын чыгаар убактысы куттуу хадистер жана белгилүү Ислам аалымдарынын айтуусу боюнча, Хижрий 1400-жылдын (1979-1980-жж.) баштарында болушу керек. Хадистеги «Аз. Мехди (ас) чыгаардан мурда» деген сөз Аз. Мехди (ас) чыгаардан бир аз мурдараак бул чоң окуянын болооруна ишарат кылууда.

(2) ... Мединада ... Арап тилинде «Медина» сөзү ошол эле учурда чоң шаар маанисинде да колдонулат. Төмөндөгү хадис буга мисал.

Аз. Ибни Амрдан риваят кылынган. Расулуллах (сав) мындай деди:

 

Эй Үммөт! Алты нерсе бар; алар болмоюнча кыямат болбойт... Алтынчысы болсо мединанын алынышы.

 

(Мындай деп) айтылды: Кайсы медина? (Ал) Айтты: Константинополь (Стамбул)

 

(Бул Стамбулдун Аз. Мехди (ас) тарабынан руханий ээлениши.)

 

(Кыямат алааматтары, 204-б. Ramuz EI Ehadis 1/296)

 

(3) ... Капкара таштар дагы кан ичине булана турган ... Куттуу хадистин бул бөлүгүндө болсо кандуу окуя боло турган жердин бети сүрөттөлүүдө. Кара таш, б.а. асфальт жол бетинде кандай бир окуя болооруна ишарат кылынууда.

 

- 1-майдагы (1977-жыл) Таксимде (Стамбулда) болгон окуяда 34 өлүм жана 200 кишинин жаракат алышынан аккан кандар кара таштар (б.а. асфальт жол) бетине төгүлгөн жана ал кандар көчөгө жайылган.

Асфальт жол: Майда шагыл таштардын асфальт заты менен аралаштырылышынан пайда болот. Бул аралашма жолго төгүлгөндө сом кара таш болуп калат.

 

(4) ... кан ичине булана турган ... Кагылышуулар натыйжасында аккан кан кээ бир жерлерде асфальтты бир жапкычтай жаап калган жана асфальт кээ бир жерлерде көрүнбөй калган.

 

5) ... чоң бир окуя болот ... 1-май Таксим окуясы анархия доорунда көп адам өлтүрүлгөн жана өтө көп кан төгүлгөн чоң бир окуя.

 

(6) ... Бир камчынын шилтенишиндей оңой болот ... Бул жерде бир салыштыруу аркылуу адам өлтүрүүнүн өтө оңой жасалаарына көңүл бурулууда. Бир камчыны ар тарапка кол менен оңой гана шилтөө мүмкүн болгон сыяктуу, камчыдай сабынан тутулган жана ар тарапка багыттоо мүмкүн болгон тапанча дагы машаасын (курок) басып коюу менен эле алдындагы адамды өлтүрө алат.

 

26) «Эки тиштүү» куйруктуу жылдыздын көрүнүшү

 

Улуу, белгилүү Ахли Сүннөт аалымы Имам Раббани Азрети Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө Мектубат-ы Раббани аттуу эмгегинде эки өтө маанилүү критерийди айткан.

 

1-  КРИТЕРИЙ

 

Бул критерийлердин биринчиси Аз. Мехди (ас)дын Пайгамбарыбыз (сав)дан миң жыл өткөндөн кийин чыгаары.

Раббани Азрети Мектубат-ы Раббанинин 1/569-бетинде мындай дейт:

 

Бирок күтүлгөн абал мындай; АРАДАН МИҢ ЖЫЛ ӨТКӨН СОҢ ал жашыруун мамлекет жаңыланат. Ага бир артыкчылык берилип сууну табышы арттырылат... Ошентип кемалаттын (кемчиликсиздиктердин) чыныгысы чыгып анын азабын жабат... Жана улуу моюн сунуучулукту барктаган АЗ. МЕХДИ (ас) КЕЛСИН. Аллах андан ыраазы болсун.

(Мектубат-ы Раббани, 1/569)

 

Учурда Хижрий 1430-жылдардабыз. Бул Пайгамбарыбыз (сав)дан бери 1000 жыл өткөнүн көрсөтүүдө. Бул болсо Раббани Азрети Аз. Мехди (ас) чыгышы үчүн керектүү деп айткан биринчи критерийдин ишке ашканын далилдөөдө.

 

2-  КРИТЕРИЙ

 

Раббани Азрети Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө берген экинчи чоң критерий болсо «эки тиштүү жаркыраган бир жылдыздын» дүйнөнүн жакынынан өтүү шарты болгон.

 

Сахабалар берген маалымат боюнча, Расулуллах Мырзабыз (сав) мындай деген:

«Убада кылынган Мехдинин чыгаар алдындагы окуялардан болгон Аббаси Мелик (өкүмдар) Хорасанга барганда, ШАРК (ЧЫГЫШ) ТАРАПТА ЭКИ ТИШТҮҮ (1) МҮНЕВВЕР (ЖАРКЫРАГАН) (2) БИР МҮЙҮЗ (3) ЧЫГАТ.»

«ШАРК (ЧЫГЫШ) ТАРАПТА БИР КУЙРУКТУУ ЖЫЛДЫЗ ЧЫГЫП ЖАРЫК ЧАЧАТ.»

Бул жылдыз да чыкты. Бирок ошолбу, же ошого окшошпу?

Ал жылдыздын:

-Куйруктуу жылдыз деп аталышы, ыктымал, төмөнкү негиздерге таянат:

-Туруктуулардын кыймылы МАГРИБДЕН (БАТЫШТАН) МЕШРИККЕ (ЧЫГЫШКА) (4)...

Бул жылдыздын абалы да ошонун кыймылына жараша. Б.а. жүзү мешрик жанын көздөй, аркасы болсо магриб тарабына. Бул узун актык дагы анын арткы тарабына. Ушул мааниге карап, ага:

-Куйрук... ысмынын берилиши туура болот.

АНЫН АР КҮНКҮ ӨТҮҮ БАГЫТЫ БОЛСО МЕШРИКТЕН МАГРИБГЕ. (5) Бирок ал кысри (өзүнө тиешелүү мааниси бар) кыймылы менен улуу тагдырдын кыймылынан көз-каранды.

Сүбхан Аллах бүт нерсени эң жакшы билүүчү.

İmam-ı Rabbani (Имам Раббани), Mektubat-ı Rabbani (Мектубат-ы Раббани), 381. Mektup, 1184-б.

 

(1) ... эки тиштүү...:

2009-жылы 24-февральда жерге эң жакын жерден көрүнүп өткөн Люлин куйруктуу жылдызынын (комета) арткы тарабындагы куйруктун эки ача болушу хадистеги эки тиштүү сөзүнө толук дал келүүдө.

(2) ... мүневвер (жаркыраган)...:

Хадисте айтылган мүневвер (жаркыраган) сыпаты Люлин куйруктуу жылдызынын дүйнөгө жакындаганда 6 жылдыздын жарык чачышындай жаркырашына ишарат кылууда.

 

(3) ... бир мүйүз...:

Люлин куйруктуу жылдызын башка куйруктуу жылдыздардан айырмалаган эң негизги өзгөчөлүгү – бул жылдыздын ядросунун арткы тарабында жайгашкан куйругунун маңдайында, ядросунун алдыңкы тарабында, б.а. баш жагында да бир куйругунун болушу эле. Люлин куйруктуу жылдызынын тартылып алынган сүрөттөрүн караганыбызда эки тараптагы эки куйруктун көрүнүшү жагынан бир мүйүздү эске салаарын бир караганда байкайбыз.

 

(4) Туруктуулардын кыймылы магрибден (батыштан) мешрикке (чыгышка)...:

Хадистин уландысындагы «Туруктуулардын кыймылы магрибден (батыштан) мешрикке (чыгышка)...» сөзү асман телолорунун айлануу багытына ишарат кылууда; бул маалымат 20-кылымда алынган астрономия маалыматтарына толук дал келет. Чындап эле бүт асман телолору МАГРИБДЕН (батыштан) МЕШРИККЕ (чыгышты көздөй) кыймылдашат.

 

(5) Анын ар күнкү өтүү багыты болсо мешриктен (чыгыштан) магрибге (батышка)...:

Бул жерде болсо «Анын ар күнкү өтүү багыты болсо...» деп, Люлин куйруктуу жылдызынын башка асман телолорунан айырмаланып чыгыштан батышты көздөй кыймылдаары билдирилген.

Пайгамбар Мырзабыз (сав) хадисинде акыр заманда келиши күтүлгөн Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматы катары айткан жана Имам Раббани да терең чечмелеген (тафсир кылган) «эки тиштүү мүневвер (жаркыраган) бир мүйүз чыгат» сөзү 2009-жылы 24-февральда, б.а. Хижрий 1430-жылы дүйнөгө эң жакын жерден өткөн Люлин куйруктуу жылдызына ишарат кылууда.

Бул куйруктуу жылдыздын эң негизги дагы бир өзгөчөлүгү мындай: илимпоздор бул куйруктуу жылдыздын эми эң аз 1000 ЖЫЛДАН КИЙИН кайрадан жердин (дүйнөнүн) жакынынан өтүшү мүмкүн экенин айтышууда.

Илимпоздор берген бул мөөнөт болсо, ахли сүннөт аалымдарынын; -Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистерине таянып- дүйнөнүн өмүрү жана кыямат күнү менен байланыштуу берген жылдары боюнча, бул жылдыздын дагы бир жолу өтүшүнүн мүмкүн эмес экенин көрсөтүүдө. Себеби Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени билдирилген.

 

Энес Маликтен алып айтты. Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айтты:

ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Аллах Таала мындай буюрду: Раббиң кабатында бир күн силер санагандан миң жыл сыяктуу.

Энес бин Маликтен: «Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда муктаждыгын камсыздаса, Аллах ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй, УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ сооп жазат.»

(Kitab-ül Burhan fi Alamet-il  Mehdiyy-il Ahir zaman, 88-б.)

 

Ханбели Мазхабынын түзүүчүсү Ахмет Ибни Ханбелдин эмгегинде орун алган жана Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бир хадисте болсо Пайгамбарыбыз (сав)га чейин дүйнөнүн өмүрүнөн 5600 жыл өткөнү билдирилген:

 

Ахмет Ибни Ханбел Илелинде алып жазган.

ДҮЙНӨДӨН БЕШ МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ ЖЫЛ ӨТКӨН.

(Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Ahir zaman, 89)

 

Белгилүү, улуу ахли сүннөт аалымдарынан Суйути Азрети болсо үммөттүн өмүрү жөнүндө мындай деп билдирген:

 

«МЕНИН ҮММӨТҮМДҮН ӨМҮРҮ 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.»

(Suyuti (Суйути), el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Арап тилинде) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89.)

 

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бүт бул маалыматтар каралганда, дүйнөнүн өмүрүнүн Хижрий 1500-жылдардан ашпашы тастыкталууда. Ушул себептен Люлин куйруктуу жылдызынын дүйнөгө жакын жерден дагы бир жолу 1000 жылдан кийин өтүшү сахих (ишенимдүү) хадистер жана ахли сүннөт аалымдарынын орток пикири боюнча мүмкүн эмес. (Туурасын Аллах билет.)

Бул, бир жагынан, Раббани Азрети Мектубатында берген «эки тиштүү мүневвер жылдыз» жөнүндөгү маалыматтын Хижрий 1430-жылы дүйнөбүзгө жакын жерден өткөн Люлин куйруктуу жылдызына тиешелүү экендигинин бир далили жана, экинчи жагынан, Аз. Мехди (ас)дын чыгышы жөнүндө берген бул акыркы критерийдин да ишке ашкандыгынын анык бир көрсөткүчү.

 

27) Космосто адам колуна окшогон бир көрүнүштүн пайда болушу

 

... Эсма бинти Умейс мындай деди: «АЛ КҮНДҮН (Аз. Мехди (ас)дын ЧЫГЫШЫНЫН) АЛААМАТЫ АСМАНДАН СОЗУЛГАН ЖАНА АДАМДАР АНЫ КАРАП ТУРГАН БИР КОЛ.» (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр заман Мехдисинин алааматтары), Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, 69-б.)

 

... МЫНА ОШОНДО (Аз. Мехди (ас) ЧЫГААР УБАКТЫСЫНДА) АСМАНДАН ӨЗҮН ТААНЫТКАН БИР КОЛ КӨРҮНӨТ... (Желаледдин Суйути жыйнагынан хадистер, Ahir Zaman Mehdisinin Alametleri (Акыр заман Мехдисинин алааматтары), Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, 51-б.)

 

АСМАНДАН ЧЫККАН БИР КОЛ жана «амириңер Мехди» деген бир кайрылуу угулганга чейин бөлүнүүлөр жана талаштар уланат. АЛ КҮНДҮН АЛААМАТЫ: АСМАНДАН БИР КОЛ СОЗУЛАТ жана адамдар аны карашат жана көрүшөт. (Ahmed İbn-i Hacer-i Mekki (Heytemi), Beklenen Mehdinin Alametleri (Күтүлгөн Мехдинин алааматтары), El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 53-б.)

 

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган бул хадистерде асманда бир «колдун» көрүнөөрү жана ал колдун Аз. Мехди (ас)дын келүү алааматтарынан экени билдирилүүдө. Ал кезге чейин талаш-тартыштардын уланаары жана Аз. Мехди (ас)дын асмандан, б.а. радио, телевизор жана интернет сыяктуу маалымат каражаттары аркылуу тынымсыз сөз болоору хадистерден түшүнүктүү болууда.

Америка Улуттук аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө башкармалыгынын (NASA) алдындагы Chandra рентгендик обсерваториясы тарабынан тартылган бир космос фотосунда кол сыяктуу бир нейтрон жылдыздары тобу башка бир жылдыз тобун кармап жаткандай көрүнүүдө. Хадистерде айтылган «кол» сөзү NASA тарабынан «Теңирдин колу» деп аталган жана космостогу бир асман окуясы себеп болгон ушул көрүнүшкө ишарат кылган болушу мүмкүн. (Туурасын Аллах билет.)

Бул жылдыз тобу пайда кылган кол формасынын турушу хадистеги «созуу» сыпатына да толук дал келет. NASA тарабынан тартылган сүрөттөгү кол формасы бир жерге созулуп жаткандай көрүнүүдө. Мындан тышкары, адамдардын Аз. Мехди (ас) доорундагы өнүккөн алдыңкы космос жана астрономия технологиясы урматында космостогу бул асман окуясын телескоптор аркылуу карап көрө алышы да хадистеги баянга толук дал келүүдө.

Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтары «... эскирген жиби үзүлгөн бир шурунун мончоктору сыяктуу катары менен келүүчү алааматтарды күтүшсүн.» (Эбу Хурейре радыйаллаху анх. Тирмизи) хадисинде айтылгандай, акыркы 30 жылдык убакыт аралыгында катары менен болуп өттү жана болуп жатат. Эң акыркы 2009-жылы 24-февральда дүйнөгө эң жакын жерден өткөн кош куйруктуу Люлин куйруктуу жылдызынын Имам Раббани тарабынан чечмеленген «шарк тарабынан эки тиштүү мүневвер бир мүйүз чыгат» хадисине ишарат кылышынан соң, эми болсо «асмандан бир кол созулат» хадиси ишарат кылган космостогу бул «кол көрүнүшү» Аз. Мехди (ас)дын чыкканына, иш-аракеттерин баштаганына, адамдар тарабынан таанылышынын да өтө жакын калганына далил болууда. (Туурасын Аллах билет.)

 

28) Чоң селдердин болушу

 

Жамгырдын көп жаашынан улам сел кырсыктарынын көбөйүшү кыяматтан мурда боло турган акыр замандын ишараттарынын бири. Жакынкы күндөрү дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген сел кырсыгы жөнүндөгү кабарлар да биз жашап жаткан доордун акыр заман экенин тастыктоодо.

Пайгамбар Мырзабыз (сав) мындан 1400 жыл мурда биз жашап жаткан акыр заманда көбөйгөн жамгырлардын олуттуу кырсыктарга себеп болоорун хадистеринде билдирген.

Тарыхтын эч бир доорунда болбогондой көп санда кырсык кабарларын күн сайын телевизорлордон көрүп, гезиттерден окуп жатабыз. Табигый кырсыктардын акыркы жылдары сан жагынан да, масштабы жагынан да өскөнү статистикалык чындык. Биз жашап жаткан доордо болуп жаткан табигый кырсыктар дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө миллиондогон адамга таасирин тийгизип, эсеп жеткис чоңдуктагы материалдык жоготууларга жол ачты. Акыркы жылдары селдер себебинен пайда болгон жоготууларды анализдей турган болсок акыр замандын маанилүү ишараттарынын биринин ишке ашып жатканын апачык көрө алабыз.

2008-жылы Индияда июнь менен сентябрь айлары арасындагы жамгырлар себебинен келип чыккан сел кырсыгында миңден ашык киши өлдү. Пакистанда күчтүү жамгырлар себеп болгон селдерде 32 киши өмүрүнөн ажырады. Кытайда 2008-жылы май айында болгон күчтүү жер титирөөнүн борбору Сичуан шаары күчтүү жамгырлар астында калды. Кээ бир аймактарда олуттуу сел кырсыгы жана топурак жылышы болду. Болжол менен 1 миллион 880 миң кишинин жашоосуна таасир берген бул кырсыктарда 8 киши каза болду.

Кытайда өткөн ай күчтүү жамгырлар себебинен болгон сел кырсыгында 7  киши өлүп, 22 киши жоголду. Вьетнамдын түндүгүндөгү аймактарда ушул ай башында күчтүү жамгырлар себеп болгон сел менен топурак жылуулары натыйжасында 22 адам өмүрүнөн ажырап, 14 адамдын жоголгону билдирилди. Кээ бир Европа өлкөлөрүнө да сел кырсыгы таасир берди. Англиянын түндүк тарабында өткөн ай жана ушул ай болгон күчтүү жамгыр менен суу баскындары жашоого терс таасир берди. Чехияда өткөн айдын акыркы жумасында күчтүү жамгырлар себеп болгон селдерде 13 адам өлдү. Күчтүү жамгыр өзгөчө өлкөнүн түштүк аймагына көп таасир берди.

2000-жылы Мозамбикте 1 миллион адам сел себебинен үйсүз калган.

2002-жылы Индия, Непал жана Бангладеште мезгилдин мусон жамгырлары себеп болгон кырсыктарда болжол менен 1000 адам өлдү. Кытайда 2003-жылы күчтүү жаз жамгырларынан 2000 адам өлдү, 300 миң адам үйсүз калды. 1991-жылы Бангладеште болгон селдер натыйжасында 120000ден көп адам өлүп, миллиондогон адам үйсүз калды.

2007-жылы Азияда селдер себебинен 216 адам өлдү, 20 миллион адам үйсүз калды. 2007-жылы Түндүк Кореяда ашыкча жамгырлар себеп болгон сел кырсыгында 214 адам өлүп, 80 адам жоголду.

2007-жылы Мексикада сел кырсыгы себебинен үйлөрү бузулган 500 миң адам үйсүз калды.

 

Үй менен там калтырбаган күчтүү бир жамгыр жааганга чейин кыямат болбойт. (Кыямат алааматтары, 253-б.)

 

Асмандан күчтүү жамгыр жаап таш имараттардан тышкары бүт кирпич үйлөр бузулмайынча кыямат болбойт. (Ahmed b. Hanbel (Ахмед б. Ханбел), Müsned (Мүснед) 13/291, хадис №: 7554)

 

Адамдарга ЖАМГЫРДЫН МОЛЧУЛУГУ, бирок түшүмдүн аздыгы менен алдамчы жылдар келет. Ал кезде калпычы адам туурага чыгарылып, ЧЫНЧЫЛ АДАМ КАЛПЫЧЫГА ЧЫГАРЫЛАТ; ЧЫККЫНЧЫГА ИШЕНИЛЕТ, ИШЕНИМДҮҮ АДАМДЫ ЧЫККЫНЧЫЛЫК МЕНЕН АЙЫПТАШАТ ... (İbn-i Mace (Ибни Маже): 4036)

 

Жетишпестик жана фитналар жылы; жамгырдын жаабашы эмес, ЖАМГЫРДЫН ЖААП ЖААП, БИРОК ӨСҮМДҮК ӨСТҮРБӨШҮ. (Мүслим)

... АНАН АЛЛАХ ЧИЙКИ СЫЯКТУУ ЖЕ КӨЛӨКӨ СЫЯКТУУ БИР ЖАМГЫР ЖӨНӨТӨТ, же жамгыр түшүрөт. Андан адамдардын сөөктөрү (өлүү денелери) өсөт... (Мүслим: 7023)

 

КОШ КУЙРУКТУУ ЖЫЛДЫЗ КӨРҮНҮШҮНӨН 3 ЖЫЛ МУРДА КУРГАКТЫК БОЛУШУ ЖАНА АНДАН КИЙИН СЕЛ ОКУЯЛАРЫНЫН БОЛУШУ:

 

Аз. Мехди (ас) чыгаарда кош куйруктуу бир куйруктуу жылдыз чыгат жана ушунчалык жаркыраган болгондуктан, толгон айдай жаркырайт. Бул жылдыз чыккан соң ушунчалык көп жамгыр жаап, көп зыян алып келет. Бирок адамдар ал жамгырларды кубануу менен тосуп алышат. Себеби андан мурдакы 3 жылда эч жамгыр жаабаган болот. (Murtaza Lakha, R &K Tyrell Basımevi, Londra, 1993)

 

v     «Люлин» куйруктуу жылдызы 2009-жылы 24-февральда дүйнөгө эң жакын жерден өттү.

v     Дал хадисте билдирилгендей, башка жылдыздардан айырмаланып эки куйрукка ээ жана нуру башка жылдыздардан 6 эсе көп.

v     Хадисте билдирилгендей, жылдыз көрүнөөрдөн мурдакы 3 жыл бою жамгырлар дүйнөлүк масштабда өтө азайып, көп аймакта олуттуу бир кургакчылык башталган эле. Өкмөттөр арасы климат өзгөрүүсү боюнча панельде «Климат өзгөрүүсү 2007» отчету боюнча, 2007- жана кийинки бир канча жылда жамгыр жаабаган аймактарда кургакчылык күчөп, ал жерлерде ачарчылык менен оорулардын көбөйөөрү айтылган.

v   Ушул эле хадисте айтылгандай, 2009-жылдын март айында Дим (Dim) дамбасынын эшиктери ашыкча суу толуусунан сынып, миңдеген адам үйүнөн эвакуация болууга мажбур болушкан. Учурда болуп жаткан сел кырсыктары да ушул жамгырлардын көбөйүшүнүн бир натыйжасы.

 

КОШ КУЙРУКТУУ ЖЫЛДЫЗ КӨРҮНӨӨРДӨН 3 ЖЫЛ МУРДА БОЛГОН КУРГАКЧЫЛЫК

 

КОШ КУЙРУКТУУ ЖЫЛДЫЗ 2009-ЖЫЛЫ 24-ФЕВРАЛЬДА КӨРҮНГӨН СОҢ ЖАМГЫРЛАРДЫН КӨБӨЙҮШҮ

 

v     1979-Ж. 9-СЕНТЯБРЬ: СТАМБУЛДА ЧОҢ БИР СЕЛ БОЛГОН

 

Аз. Мехди (ас)дын, хадистерде айтылгандай Хижрий 1400-ж., б.а. 1979-жылдагы, чыгышына туура келүүдө.

 

«Адамдар 1400-жылы Аз. Мехди айланасында чогулушат.»

(Risaletül Huruc-ül Mehdi, 108-б.)

 

v     2009-Ж. 9-СЕНТЯБРЬ: УЧУРДА БОЛГОН СЕЛ КЫРСЫГЫ

 

29) Куш жана чочко тумоосу Аз. Мехди (ас)дын чыгуу алааматтарынан

 

Пайгамбар Мырзабыз (сав) мындан 1400 жыл мурда акыр заманда адамдардын арасында эки эпидемиялык оорунун жайылаарын билдирген. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) бул оорулар жөнүндө берген детальдуу маалыматтар аларды оңойураак биле алышыбызга шарт түзүүдө. Бул оорулар акыр заман алааматтары тынымсыз чыгып жаткан акыркы жылдары катары менен чыккан, экөөсү тең өлүмгө себеп болчу жана жугуштуу оорулар болгон куш жана чочко тумоолору. (Туурасын Аллах билет.) Бул жөнүндөгү кээ бир хадистер төмөнкүдөй:

 

«Алты нерсе кыяматтан мурда болот: ... Анан көп өлгөндөр болот. Силердин араңарда койлордун мурдуларынан аккан жана бир заматта өлтүрүүчү оору сыяктуу өлүмгө алып барчу эки оору таркайт.» (Sahih–i Buhari (Сахихи Бухари), cizye (2/278 fethul bari))

 

«Адамдар катуу коркмоюнча, Аз. Мехди (ас) чыкпайт. Андан мурда зилзалалар, фитналар, адамдардын башына келген балээлер жана чума оорусу чыгат... Мына ошол кезде (Аз. Мехди (ас)) чыгат. Ага жеткенге жана анын жардамчыларынан болгондорго сүйүнүчтүү кабарлар бар (алар кандай бактылуу). Ага (Аз. Мехди (ас)га) каршы чыккандар жана буйругуна каршы келгендерге шерменделик бар (алар шерменде, уят болушат).» (Fera idu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam el-Mehdi el-Muhtazar)

 

AH1N1 чочко тумоосу менен AH5N1 куш тумоосу вирустары бул жандыктардын дем алуу каналдарындагы клеткалардын кабылдоочуларына жайгашат. Куштар да, чочколор да миллиондогон жылдан бери бар болгонуна карабастан, Пайгамбарыбыз (сав) билдирген ушул заманда жугуштуу ооруларга себеп болушу акыр заманда жашап жаткандыгыбыздын дагы бир далили. Бул нерсе дал Аз. Мехди (ас) чыгаар убакта Аллахтын буйругу менен адамдар арасында жайылды.

 

30) Акыр замандын маанилүү бир алааматы – бул чагылган урууларынын көбөйүшү

 

Аз. Энес (р.а.): «Кыямат жакындаганда, чагылгандар көп болот...»

КЫЯМАТ ЖАКЫНДАГАНДА ЧАГЫЛГАНДАР УШУНЧАЛЫК КӨБӨЙГӨНДҮКТӨН, адамдар (бир-бирине мындай) дешет: «КЕЧЭЭ КИМГЕ ЧАГЫЛГАН ТИЙДИ?» АЛАР БОЛСО (МЫНДАЙ) ЖООП БЕРИШЕТ: «КЕЧЭЭ ПАЛАН ЖАНА ТҮКҮН (АДАМДАРДЫ) ЧАГЫЛГАН УРДУ.»

(El-Hakim, Müstedrek (Эль-Хаким, Мүстедрек), 4/444) (Ramuz el ehadis, 256/13-б.)

 

Үйлөрүңөрдү жер титирөөлөр бузат, ЖАНЫБАРЛАРЫҢАРДЫ ЧАГЫЛГАНДАР КҮЙГҮЗҮП КӨМҮРГӨ АЙЛАНТАТ.

(Nuaym bin Hammad (Нуайм бин Хаммад); Geleceğin Tarihi (Келечектин тарыхы) 4, 69-б.)

 

Чагылган түшүүлөрү себеп болгон окуялар арасында эң көңүл бургандардын бири – бул 1998-жылы Конгодо футбол талаасына түшкөн чагылган матч ойноп жаткан 11 футболисттин өлүмүнө себеп болгон окуя. Ушул сыяктуу, 2001-жылы Мексикада футбол талаасына түшкөн чагылган себебинен болсо 6 адам өмүрүнөн ажырады. Булардан тышкары дүйнөдө чагылгандар себеп болгон окуялар дагы эле көп адамдын көз жумушуна, жаныбар, мал-мүлк жоготууларына себеп болууда.

 

 

31) Багдаддын оттор менен жок кылынышы

 

Акыр заманда Багдад оттор менен жок кылынат...

(Risaletül Huruc ül Mehdi, 3-том, 177-б., Каттоо 854)

 

32) Ирак армиясынын чөлдө жоголушу

 

«Аз. Мехди (ас)дын беш алааматы болот. Алар Сүфйани, Йемани, асмандан бир чакырык, Бейдада бир армиянын чөгүшү жана күнөөсүз адамдардын өлтүрүлүшү.» (Nuaym Bin Hammad (Нуайм Бин Хаммад))

 

...Дамасктан (Сириядан) өзүнчө бир армия ага каршы жөнөтүлөт, бирок ал армия чөлдө жерге чөгөт. (El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamet-il Mehdiyy-il Muntazar, 22-б.)

 

Бирок ал армия чөлгө киргенде, Зулхүлейфе деген жерде ушунчалык топуракка көмүлгөндүктөн, алардын үстүндөгүлөр астындагыларды, астындагылар үстүндөгүлөрдү кыяматка чейин көрө алышпайт. El-Kavlu'l Muhtasar Fi Alamatil Mehdiyy-il Muntazar, 21-б.)

 

33) Ирактыктардын акчасынын калбашы

 

«Ирактыктардын колунда өлчөй турган бир таразасы жана соода кыла турган бир акчасы дээрлик калбайт.» (Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 45-б. El Muttaki (Эль Муттаки))

 

Ирактыктардын азыр колунда акча болсо дагы, ал акча менен бир нерсе сатып алууда кыйналып жатышат.

 

34) Ирак менен Дамаскка (Сирияга) эмбарго

 

Эбу Надре (Р.А.) мындай деди; Жабир (Р.А.)нын жанында турганыбызда мындай деди: «Ушундай бир заман келатат, Ирак элине бир кафиз (кило), бир дирхам берилбейт».

«Бул кимден улам болот?» дедик. «Ажемдер (Араб эместер) буга бөгөт болушат» деди. Анан: «Дамаск элине бир динар, бир мүдй (кило) берилбейт» деди. «Бул кимден улам болот» дедик. «Румдардан (гректерден) улам» деди. (Sahih Muslim (Сахих Мүслим), 6961)

 

35) Ирактын кайрадан түзүлүшү

 

...Жана Ирактагы күнөөсүз адамдар Дамаскты көздөй башпаанек издешет. Дамаск кайрадан түзүлөт, Ирак да кайрадан түзүлөт.»

(Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 254-б., El Muttaki (Эль Муттаки))

 

36) Дамаскта фитналардын болушу

 

Дамаскта фитналар бир тараптан тынчыган сайын, башка бир тараптан тутунат.

Асмандан жарчы бир периште «Аз. Мехди (ас) амириңер (башчыңар). Аз. Мехди (ас) Халифаңар (руханий лидериңер).» дегенге чейин фитналар бүтпөйт. (Risalet-ül Huruc-ül Mehdi... 63-б.)

 

37) Күнөөсүз жаш балдардын өлтүрүлүшү

 

... Мухаммед үммөтүнөн күнөөсүз бир жаш бала өлтүрүлгөндө, асмандан бир периште «акыйкат анда (Аз. Мехди (ас)да) жана анын жанындагыда» деп кыйкырат. (Sabban isafur Ragibin 154-б.)

 

38) Ирак элинин Дамаскка, түндүккө качышы

 

... Иракка кол салынмайынча кыямат болбойт. (мына ошондо)

Күнөөсүз жана таза Ирак калкы Дамаскка качат.

(Risalet-ül Huruc-ül Mehdi, 210-б.)

 

39) Дамаскта, Иракта жана Арабистанда каргашалардын болушу

 

«Расулуллах (сав) мындай деген: ...Ушундай балээ жана кырсыктар болот; эч ким корголоно турган бир жер таба албай калат. Ал балээлер Дамасктын айланасында жойлойт, Ирактын үстүнө түшөт. Арабистан жарым аралынын колу менен бутун байлайт. Ислам үммөтү ал жакта балээлерге каршы кырларда согушушат. Эч ким аларга боор ооруп; вах! вах! да дебейт. Алар балээни бир жактан тосууга аракет кылып жатышканда, башка жактан ал кайра чыгат.»

(Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 38-39-б. El Muttaki (Эль Муттаки))

 

... балээлер Дамасктын айланасында жойлойт,

 

Ирактын үстүнө түшөт.

 

Арабистан жарым аралынын колу менен бутун байлайт.

 

40) Евфрат менен Дижле (Түркияда бир шаар) арасында чоң уруштардын болушу

 

Евфрат менен Дижле арасында Зевра деген бир шаар болот.

Ал жерде чоң бир согуш болот. Аялдар туткунга алынып, эркектер болсо кой союлгандай мууздалат.»

(Kenzul Ummal, Kitab-ul kıyame, kısm-ul efal. 5-т. 38-б. El Muttaki (Эль Муттаки))

 

41) Ирак элинин үч топко бөлүнүшү

 

Расулуллах (сав)дын айтуусу боюнча, Ирак калкы үч топко бөлүнөт. Бир бөлүгү талоончуларга (мародер) кошулат. Бир бөлүгү үй-бүлөлөрүн артка таштап качышат. Бир бөлүгү согушуп, өлтүрүлүшөт. Силер буларды көргөнүңөрдө кыяматка даярдангыла.

(Feraidu Fevaidi'l Fikr Fi'l İmam El-Mehdi El-Muntazar)

 

Күфе калкы үч топко бөлүнөт: Бир бөлүгү Сүфйанинин армиясына кошулат... Бир бөлүгү алар менен согушат... Бир бөлүгү болсо талоончуларга кошулат...

(En-Necmu's Sakıb Fi Beyanı Enne'l Mehdi Min Evladı Ali B.Ebi Talib)

 

Бир бөлүгү талоончуларга кошулат

 

Бир бөлүгү үй-бүлөлөрүн артка таштап качышат

 
Бир бөлүгү согушуп, өлтүрүлүшөт

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder