20 Şubat 2013 Çarşamba

ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ 7000 ЖЫЛ


 

1. Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерде дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени кабар берилген.

 

Энес Маликден алып айтты. Ал Расулуллах (сав) мындай дегенин айткан: ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Аллах Таала буюрду: РАББИҢ КАБАТЫНДА БИР КҮН СИЛЕР САНАГАНДАН МИҢ ЖЫЛ СЫЯКТУУ. Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда бир муктаждыгын камсыздаса, Аллах Таала ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй БУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ СООП ЖАЗАТ. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 88-б.)

 

Амр бин Йахйа Энес жөнүндө Элала бин Зайдга билдирдик, Аллах андан ыраазы болсун, мындай деди: Аллахтын Расулу айткан (сав): ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ АКЫРЕТ КҮНДӨРҮНӨН ЖЕТИ КҮН. Улуу Аллах айткан: чынында Сенин Раббиңдин Кабатында бир күн силер санап жаткан миң жыл сыяктуу.[1] (Elkesfu An mucavezeti Hazihilumme el Elf ve Elluma fi Ecvibeti el'-Esile, Suyuti, 10-б.)

 

Эттаберани Элкебийр айткан: Ахмед бин Эннадрил аскери жана Жафер бин Мухаммедул Арйаниге (же урйани да болушу мүмкүн) кабар бердик, экөө тең айтышты: Элвелийд бин Абдул Мелик бин Серхул Сахраниге кабар бердик, Сүлейман бин Атаул Курейшилхарби кабар бердик, Суллемету бин Абдиллахил Жехни жөнүндө Амр бин эби Шежеати бин Рабиил Жехни жөнүндө Эддеххак бин Землил Жехни айтты:

Бир түш көрдүм, аны Расулуллах (сав)га айтып бердим. Өзүндөгү сөздү айтты: Эй Расулуллах бир кезде мен сени менен ичинде жети даражасы бар бир минбардын үстүндө элем, сен анын эң жогорку бир даражасындасың, (сав) айтты: ичинде жети даражасы бар минбар болсо, мен анын эң жогорку бир даражасындамын, ДҮЙНӨ БОЛСО ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ ... (Elkesfu An mucavezeti Hazihilumme el Elf ve Elluma fi Ecvibeti el'-Esile, Suyuti, 10-б.)

 

Даккак б. Зейдү Жүхениден риваят кылышты: мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле: Ал мындай деди: СЕН КӨРГӨН ЖЕТИ ТЕПКИЧТҮҮ МИНБАР – БУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ БОЛГОН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)

 

Ахли сүннөт аалымдарынан Хүсамеддин эль-Муттакинин эмгеги Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman аттуу китебинде орун алган бул хадистер боюнча, Пайгамбарыбыз (сав) дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экенин кабар берүүдө. Дагы көптөгөн ахли сүннөт аалымынын эмгектеринде мисалы Муттака Азретинин Kenzu'l-Ummal, №16459-хадисте, Мухаммед Тахир б. Аль эль-Хиндинин эмгеги Tezkiretu'l-Mevduat, I/223'тө, Имам Сахави el-Makasidu'l-hasene (Дейлемиден алынган), I/693, №1243-хадисте, Эль Мунавинин Feyzu'l-Kadir, III/547; №4278-хадисте болсо (Дейлемиден алынган) Байезид Бистами Азретинин Miftahu'l-Cifr аттуу эмгегинде дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени жөнүндөгү хадистер орун алган. Бул болсо ахли сүннөт аалымдарынын бир добуштан муну кабыл алышканын көрсөткөн апачык бир далил.

 

2. Белгилүү хадис аалымдарынан жана Ханбели мазхабынын куруучусу болгон Имам Ахмед Ибни Ханбел сыяктуу көптөгөн аалымдар бир-биринен алып өткөргөн бир хадисте Пайгамбарыбыз (сав) ага чейин дүйнөдө өткөн убакыттын 5600 жыл экенин билдирүү менен бир календардын башталыш датасына көңүл бурган:

 

Ахмед Ибни Ханбел Илелинде алып жазган. Исмаил б. Абдүлкерим Абдүссамедден Ал болсо Вехбден риваят кылды: ДҮЙНӨДӨН БЕШ МИҢ АЛТЫ ЖҮЗ ЖЫЛ ӨТКӨН. (Ali B. Hüsameddin el-Muttaki, Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir zaman, 89-б.)

 

Пайгамбарыбыз (сав)дын дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл, Пайгамбарыбыз (сав)га чейин өткөн убакыттын болсо 5600 жыл экенин билдирген бул убакыттарды белгилүү бир календарга карап баалоо керек. Бул жылдарды эч качан адамзат тарыхынын башталышы болгон Аз. Адам (ас)дын дүйнөгө түшүрүлүү жылы катары карабаш керек. Пайгамбарыбыз (сав)дын Меккеден Мединага көчү (хижраты) Хижрий календарынын башталышы, Аз. Исанын төрөлүшү Григорий календарынын (учурда колдонулуп жаткан календарь) башталышы катары кабыл алынып, тарыхый эсептөөлөр жүргүзүлүп, бул жылдардын мурункусу жана кийинкиси деп бөлүнгөн сыяктуу, Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган бул 7000 жылдык убакыт дагы анын заманында башталгыч катары кабыл алынган бир окуяга карата берилген болушу ыктымал. Пайгамбарлар тарыхы бою болуп өткөн; мисалы, Аз. Ибрахим (ас) же Аз. Нух (ас)дын төрөлүшү, Аз. Ибрахим (ас)га пайгамбарлык милдетинин берилиши же Аз. Ибрахим (ас)дын бир жерден бир жерге көчүшү же Аз. Нух (ас)дын кемеге түшүп топон суунун башталышы же болбосо топондун аякташы же башка пайгамбардын өмүрүндө болуп өткөн ушул сыяктуу башка көптөгөн маанилүү окуянын жылына ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн. Бул жерде эң негизгиси – бул Пайгамбарыбыз (сав)дын ошол календарь башталышына карап эсептөө жасап, дүйнөнүн өмүрүнүн ал календарь боюнча 7000 жыл экенин айтышы жана ага чейин ал башталыштан баштап 5600 жыл өткөнүн апачык кабар бериши.

Белгилүү ахли сүннөт аалымы Берзенжи Азрети үммөттүн өмүрүнүн Хижрий 1500-жылдан ашпашын айткан. (Туурасын Аллах билет.)

 

БУЛ ҮММӨТТҮН ӨМҮРҮ МИҢ ЖЫЛДАН АШАТ, БИРОК МИҢ БЕШ ЖҮЗ ЖЫЛДАН АШПАЙТ... (Kıyamet Alametleri, Medineli Allame Muhammed b. Resul el-Hüseyni el-Berzenci, Pamuk Yayıncılık, İstanbul, 2002, 299-б.)

 

Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадиске таянып Суйути Азрети да өз сөзүндө үммөттүн өмүрүнүн Хижрий 1500-жылдардан ашпашын айткан:

 

«МЕНИН ҮММӨТҮМДҮН ӨМҮРҮ 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.»

(Suyuti, el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Arapça) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89)

 

Үммөттүн өмүрү башка, дүйнөнүн өмүрү болсо башка. Акыркы 1000 жылдын эң улуу мужеддиди Саид Нурси Азрети Мусулмандардын Аллахтын буйругу келгенге чейин акыйкат жолдо болоорун жана 1506-жылдарга чейин үстөмдүгүн улантаарын, 1545-жылы болсо кыяматтын болушунун ыктымал экенин (туурасын Аллах билет) айткан:

 

«Үммөтүмдөн бир тайпа Аллахтын буйругу келгенге чейин (кыяматка чейин) акыйкат үстүндө болот.»

«Үммөтүмдөн бир тайпа...» бөлүмүнүн жифр эсебинин натыйжасы (сандык мааниси) 1542 (2117) болуп бар болуунун аягына ишарат кылат. «Акыйкат үстүндө болот.» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо, жифр эсебинин натыйжасы 1506 (2082), бул жылга чейин ачык жана ашкере, балким үстөм; анан оо 1542 (2117)-жылга чейин жашыруун жана жеңилген абалда акыйкатка чакыруу милдетин улантаарына ишарат кылат. «Аллахтын буйругу келгенге чейин» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо; жифр эсебинин натыйжасы 1545 (2120) болуп, каапырдын башына КЫЯМАТТЫН КЕЛИШИНЕ ишарат кылат. (Kastamonu Lahikası, 33-б.)

 

Ахли сүннөт аалымдарынан Берзенжи менен Имам Суйути Азреттеринин да, Устад Саид Нурсинин да Пайгамбарыбыз (сав)дан риваят кылынган хадистерге карап айткандары боюнча үммөттүн өмүрүнүн Хижрий 1500-жылдардан ашпашы түшүнүктүү болууда.

 

 

ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ ЭКЕНИН АЙТКАН,

СУЙУТИ АЗРЕТИДЕН АЛЫНГАН КУТТУУ ХАДИСТЕР

 

    1

 

Ибни Асакир айтат: Эбу Саид Ахмед б. Мухаммед Багдади арадагы рави уландысы менен риваят кылды. Энес б. Малик (ра)дан, Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:

 

Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда бир муктаждыгын камсыздаса, Аллах Таала ал үчүн күндүздөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй ушул дүйнөнүн жети миң жылдык өмүрү бою сооп жазат.

 

    2

 

Ибни Абийй айтат: Эбу Исхак, Ибрахим б. Абдуллах Небти, арадагы рави уландысы менен риваят кылган. Энес б. Малик (ра)дан, Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:

 

Дүйнөнүн өмүрү акырет күндөрүнөн жети күн. Аллах Таала: «Сенин Раббиңдин жанындагы бир күн силер санаган миң жыл сыяктуу.» деп буюрган.

 

    3

 

Ибни Эби Дүйнө, Земмил Эмелинде мындай дейт: Али б. Саид, Хамза б. Хишандан, Ал болсо Саид б. Жубейрден риваят кылышкан,

 

Дүйнө акырет апталарынан бир апта.

 

    4

 

Ибни Эби Хатем Тафсиринде Ибни Аббастан риваят кылган:

 

Дүйнө акырет апталарынан бир апта болуп, жети миң жыл жана мунун алты миңи өткөн.

 

    5

 

Ибни Аббастан сахих (ишенимдүү) катары алынган мындай бир риваят бар.

 

Ал мындай деген: дүйнө жети күн. Ар бир күн миң жыл сыяктуу. Жана Расулуллах (сав) болсо анын аягында жөнөтүлдү.

 

    6

 

Табарани Кебиринде мындай дейт, Ахмед б. Надр эль-Аскери жана Жафер б. Мухаммед-үл Ферйаби алып өткөрүшкөн; (рави уландысы менен) Даккак б. Зейди Жүхениден риваят кылышкан. Ал мындай деген:

 

Мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле. Ал мындай деди: сен көргөн жети тепкичтүү минбар ушул дүйнөнүн өмүрү болгон жети миң жыл, Мен болсо анын акыркы миңинде болом.

 

    7

 

Ибни Абд-ил Хамид Тафсиринде мындай дейт; Мухаммед б. Фадл, Хаммад б. Зейдден, ал болсо Йахйа б. Атикден, ал болсо Мухаммед б. Сиринден, ал болсо Мусулман болгон ахли-китап бирөөдөн риваят кылышкан:

 

Аллах асмандар менен жерлерди алты күндө жараткан. Раббимдин жанында бир күн силер дүйнө жашоосунда санаган миң жыл сыяктуу. Жана дүйнөнүн ажалы алты күн, жетинчи күнү кыямат болот. Алты күн өттү жана силер жетинчи күндөсүңөр.

 

    8

 

Пайгамбар (сав) убагында Адам (ас)дан бери 5600 жыл өткөнү жөнүндө Ахмед Ибни Ханбел Илелинде алып өткөргөн. Исмаил б. Абдүлкерим Абдүссамедден, Ал болсо Вехбден риваят кылган:

 

Дүйнөдөн беш миң алты жүз жыл өткөн.

 

(Celaleddin Suyuti'nin Tasnifinden Hadisler, AHİR ZAMAN MEHDİSİNİN ALAMETLERİ, Ali Bin Hüsameddin El Muttaki, Kahraman Neşriyat Kitapevi, 88.)

 

КАЙСЫ ИСЛАМ ААЛЫМДАРЫ ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН

ХАДИСТЕРИНЕ ТАЯНЫП ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ

ЭКЕНИН БИЛДИРГЕН?

 

БЕДИҮЗЗАМАН САИД НУРСИ – ТАБЕРИ – БЕРЗЕНЖИ – ДЕЙЛЕМИ – БИСТАМИ – АХМЕД БИН ХАНБЕЛ – СУЙУТИ – МЕНАВИ – ИБНИ КЕСИР

 

1) БЕДИҮЗЗАМАН САИД НУРСИ АДАМЗАТТЫН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ ЭКЕНИН АЙТКАН:

 

«... АДАМ ЗАМАНЫНАН (АЗ. АДАМ (АС) УБАГЫНАН) ОО КЫЯМАТКА ЧЕЙИН КУРАН КҮНДӨРҮ МЕНЕН АЙТЫЛГАН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ...»

(Barla Lahikası, 286-б.)

 

«ҮММӨТҮМДӨН БИР ТАЙПА АЛЛАХТЫН БУЙРУГУ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН (КЫЯМАТКА ЧЕЙИН) АКЫЙКАТ ҮСТҮНДӨ БОЛОТ.»

«Үммөтүмдөн бир тайпа...» бөлүмүнүн жифр эсебинин натыйжасы (сандык мааниси) 1542 (2117) болуп бар болуунун аягына ишарат кылат. «Акыйкат үстүндө болот.» (шадда саналат) бөлүмүнүн болсо, жифр эсебинин натыйжасы 1506 (2082), бул жылга чейин ачык жана ашкере, балким үстөм; анан оо 1542 (2117)-жылга чейин жашыруун жана жеңилген абалда акыйкатка чакыруу милдетин улантаарына ишарат кылат. «АЛЛАХТЫН БУЙРУГУ КЕЛГЕНГЕ ЧЕЙИН» (ШАДДА САНАЛАТ) БӨЛҮМҮНҮН БОЛСО; ЖИФР ЭСЕБИНИН НАТЫЙЖАСЫ 1545 (2120) БОЛУП, КААПЫРДЫН БАШЫНА КЫЯМАТТЫН КЕЛИШИНЕ ИШАРАТ КЫЛАТ. (Kastamonu Lahikası, 33-б.)

 

Саид Нурси үммөттүн өмүрүнүн ХИЖРИЙ 1506-жылга чейин болоорун айткан:

«... Биринчи сүйлөм МИҢ БЕШ ЖҮЗ (1500) натыйжасы менен акыр заманда бир тайпа мужахиддин (дин үчүн эмгектенгендердин) акыркы убактарына жана экинчи сүйлөм МИҢ БЕШ ЖҮЗ АЛТЫ (1506) натыйжасы менен үстөм болгон мүжахеденин (Аллах жолунда жасалган аракеттин) жылына... ишарат кылат. (...) бул жылга чейин (1506) көрүнгөн жана ашкере (ачык, белгилүү), балким үстөм абалда уланаарына ишарат кылат.» (Sikke-i Tasdik-i Gaybi, 46-б.)

 

2) ТАБЕРИ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ ЭКЕНИН АЙТКАН:

 

«... Абдуллах бин Аббас риваятында Аз. Адамдан Аз. Нухка чейин 2256 жыл; Нухтан Ибрахимге 1079 жыл; Аз. Мусадан Аз. Сулаймандын Бейти Макдис мечитин курганга чейин 506 жыл. Андан Искендерге чейин 220 жыл. Искендерден Аз. Иса төрөлгөнгө чейин 369 жыл. Аз. Исадан Пайгамбарыбызга чейин 551 жыл. Арадагы 434 жыл падышалар арасы убакыттан саналган. Бирок хаварийлердин (апостол) айланага жайылып ал ишти жасаганы айтылат ЖАНА ДҮЙНӨНҮН 7000 ЖЫЛ КЫЛЫНГАНЫ АЙТЫЛАТ...» (Табери котормосунан, 289-290-б.)

 

3) КИТАБ-ҮЛ БУРХАН ФИ АЛАМЕТ-ИЛ МЕХДИЙЙ-ИЛ АХИР ЗАМАН КИТЕБИНДЕ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ ЭКЕНИ АЙТЫЛАТ:

 

Энес Маликтен алып айтты. Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:

Дүйнөнүн өмүрү акырет күндөрүнөн жети күн. Аллах Таала буюрган: Раббиң Кабатында бир күн силер санагандан миң жыл сыяктуу.

Энес б. Маликтен, Ал Расулуллах (сав)дын мындай дегенин айткан:

Энес бин Маликтен: «Ким бир дин бир тууганынын Аллах жолунда муктаждыгын камсыздаса, Аллах ал үчүн түндөрүн орозо менен, түндөрүн болсо ибадат менен өткөргөндөй, УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛДЫК ӨМҮРҮ БОЮ сооп жазат.» (Kitab-ül Burhan fi Alamet-il  Mehdiyy-il Ahir Zaman, 88-б.)

 

Ибни Аббастан сахих катары алынган төмөнкүдөй бир риваят бар, Ал айткан; ДҮЙНӨ ЖЕТИ КҮН, АР БИР КҮН МИҢ ЖЫЛ СЫЯКТУУ жана Расулуллах (сав) болсо анын аягында жөнөтүлгөн. (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)

 

Даккак б. Зейдү Жүхениден риваят кылышкан. Мен көргөн бир түшүмдү Расулуллах (сав)га айтып бердим. Ал түштө Пайгамбар (сав) жети тепкичтүү бир минбардын эң үстүңкү тепкичинде эле: Ал мындай деди, сен көргөн жети баскычтуу МИНБАР УШУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮ БОЛГОН ЖЕТИ МИҢ ЖЫЛ... (Kitab-ül Burhan Fi Alamet-il Mehdiyy-il Ahir Zaman, 89)

 

4) ТАНДАЛМА ХАДИС КИТЕПТЕРИНДЕ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЭКЕНИ АЙТЫЛАТ:

 

«АДАМДАН КЫЯМАТКА ЧЕЙИН ДҮЙНӨНҮН ЖАНА АДАМЗАТТЫН ӨМҮРҮ 7000 ЖЫЛ.»

(Kenzu'l-Ummal, хадис №: 16459.)

(Muhammed Tahir b. Ali el-Hindî, Tezkiretu'l-Mevduat, I/223.)

Sahavî, el-Makasıdu'l-hasene (Дейлемиден алынган), I/693, хадис №: 1243.

Munavî Feyzu'l-Kadir, III/547; хадис №: 4278 (Дейлемиден алынган)

 

«... САБИЛЕР МЕНЕН БЕРКИ ҮЧ ЖАЛГЫЗ КУДАЙГА СЫЙЫНГАН ДИНДИ КАРМАНГАНДАР ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ ЭКЕНИН БИР ДОБУШТАН АЙТЫШАТ...»

(Bayezid Bistamî, Miftahu'l-Cifr)

 

5) ПАЙГАМБАР МЫРЗАБЫЗ (САВ) ҮММӨТҮНҮН ӨМҮРҮНҮН 1500 ЖЫЛДАН АШПАШЫН КАБАР БЕРГЕН:

 

«Менин үммөтүмдүн өмүрү 1500 ЖЫЛДАН КӨП АШПАЙТ.»

(Suyuti, el-Keşfu an Mücavezeti Hazihil Ümmeti el-Elfu, el-havi lil Fetavi, Suyuti. 2/248, tefsiri Ruhul Beyan. Bursevi. (Арапча) 4/262, Ahmed bin Hanbel, Kitâbu'l-İlel, sh. 89.)

 

Имам Суйути Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде ҮММӨТТҮН ӨМҮРҮНҮН 1500 ЖЫЛДАН АШПАШЫН билдиргенин кабар берген:

Бул үммөттүн өмүрү миң (1000) жылдан өтөт, бирок бир миң беш жүз (1500) жылдан ашпайт. (Kıyamet Alametleri, 299-б.) (Celaleddin Suyuti'nin "El-Kesfu Fi Mücazeveti Hazin el-Ümmeti El Elfe Ellezi Dellet Aleyh el-Asar" аттуу китебинен алынган)

 

6) ПАЙГАМБАРЫБЫЗ (САВ)ДЫН «МЕН АДАМЗАТТЫН АСЫР (ТҮШТӨН КИЙИНКИ) УБАКТЫСЫНДА КЕЛДИМ» ДЕГЕН ХАДИСИ:

 

МЕН АДАМЗАТТЫН АСЫР УБАГЫНДА КЕЛДИМ. (Ahmed bin Hanbel. İlel.sh. 89.)

 

Бул хадис «Менин үммөтүмдү өмүрү 1500 ЖЫЛДАН көп ашпайт.» хадиси менен бирге каралганда;

КҮНДҮН ТӨРТТӨН ЖЕ БЕШТЕН БИРИ БОЛГОН АСЫРДАН ШАМГА ЧЕЙИНКИ УБАКЫТТЫ 1500 ЖЫЛ ДЕП КАБЫЛ АЛГАНЫБЫЗДА, АДАМЗАТТЫН ӨМҮРҮНҮН 6000-7500 ЖЫЛ АРАСЫНДА ЭКЕНИ БЕЛГИЛҮҮ БОЛОТ. (Туурасын Аллах билет.)

 

 

АКЫР ЗАМАН АЛААМАТТАРЫНЫН АКЫРКЫ 30 ЖЫЛДА ЧОГУУ БОЛУП ӨТКӨНҮ ДҮЙНӨНҮН ӨМҮРҮНҮН 7000 ЖЫЛ ЭКЕНИН ТАСТЫКТАЙТ

 

Пайгамбар Мырзабыз (сав)дан риваят кылынган жана эң белгилүү хадис имамдарынан болгон Имам Суйути алып өткөргөн 8 сахих (ишенимдүү) хадисте дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экени, Пайгамбарыбыз (сав)га чейин бул мөөнөттүн 5600 жылы өткөнү кабар берилген.

7000ден 5600дү кемиткенибизде болсо 1400 жыл калат.

Башка бир хадисте болсо Пайгамбарыбыз «Үммөттүн өмүрүнүн 1500 жылдан көп ашпашын» кабар берген.

Учурда Хижрий 1430-жылдарда жашап жатканыбызды жана Хижрий 1500-жылга чейин Хижрий 14-кылымдын ичинде болоорубузду эске алсак, анда Аз. Мехди (ас)дын сөзсүз ушул кылым ичинде чыгышы керек экени түшүнүктүү болот.

Себеби Аз. Мехди (ас) чыгышы мүмкүн болгон башка бир кылым калбай калууда.

Хижрий 1400-жылдын башынан баштап Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде билдирген акыр заман алааматтарынын дээрлик баарынын катары менен чыгышы акыр заманда экенибизди жана Аз. Мехди (ас)дын ушул кылым ичинде чыгаарын апачык көрсөтүүдө.
Ошондой эле, бул алааматтардын акыркы 30 жыл ичинде баары чогуу ишке ашышы дүйнөнүн өмүрүнүн 7000 жыл экенин, Пайгамбарыбыз (сав)га чейин бул мөөнөттүн 5600үнүн өткөнү жана Ислам үммөтүнүн моюн сунган өмүрүнүн болсо 1500 жылдан көп ашпашы жөнүндөгү хадистерди тастыктоодо. (Китептин алдыдагы бөлүмдөрүндө бул алааматтар терең каралган.)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder