АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА КӨРЛӨР АЙЫГЫП, ООРУЛУУЛАР
ШЫПАА ТАБАТ, УЗУН ӨМҮР ЖАЙЫЛАТ
Замандын Имамы (Аз. Мехди (ас)) убагында КӨРЛӨР КӨРҮҮ КҮЧҮНӨ ЭЭ БОЛОТ жана
ООРУЛУУЛАР ШЫПАА ТАБЫШАТ. (Bihar-ül
Envar, том 51, бет 70)
Ал кезде (Аз. Мехди (ас) заманында) УЗУН ӨМҮР ЖАЙЫЛАТ (КӨБӨЙӨТ). (Bihar-ül Envar, том 52, бет 330 Şeyh Toosi(a.r), Al-Ghaibah'den aktarıyor; İküd'dürer)
Ал доордо (Аз. Мехди (ас) доорунда)
бүт нерсеге Кудуреттүү болгон АЛЛАХ
МУСУЛМАНДАРДАН БҮТ ООРУЛАРДЫ КЕТИРЕТ. КҮЧ-КУБАТТАРЫНА КАЙРАДАН ЖЕТИШЕТ. (Bihar-ül Envar, том 52, бет 335 жана 364; Mikyaal al-Makaarem, том 1, бет 247)
Бул хадистерде Аз. Мехди
(ас) доорунда медицина илиминде жана дары-дармек технологиясында боло турган
укмуштуу өнүгүүлөр натыйжасында көрбөгөн адамдардын Аллахтын каалоосу менен
шыпаа таап, көздөрүнүн көрүп калаарына, оорулардын көпчүлүгүнүн дарыланаарына
жана мунун себебинен өмүрлөр узараарына ишарат кылынууда.
АЗ. МЕХДИ (АС) ӨЛКӨЛӨР АРАСЫНДА
ТЕҢДИКТИ АЛЫП КЕЛЕТ
Аз. Мехди (ас) мал-мүлктү элдер арасында бирдей (тең) таркатат
жана бүт класс айырмачылыктарын жок кылат. (Bihar-ül Envar, том: 51, б. 78 жана 88)
Аз. Мехди (ас) өлкөлөр арасындагы
бакубаттык деңгээлин теңдейт. Мал-мүлк адамдарга орток бөлүштүрүлөт. Бай менен
жакырлар арасындагы айырмачылык Аз. Мехди (ас) заманында толугу менен жоголот.
Аз. Мехди (ас) Ислам ахлагынын дүйнөгө орношуна себепчи болот жана бүт дүйнөгө
теңдик менен бир туугандык маанайын алып келет.
АЗ. МЕХДИ (АС) ДООРУНДА УШУНЧАЛЫК
КӨП ЖАКШЫЛЫК МЕНЕН СУЛУУЛУКТАР ЖАРАТЫЛГАНДЫКТАН, ӨЗДӨРҮН РУХАНИЙ ӨЛҮҮ СЕЗГЕНДЕР
ДАГЫ АБДАН ЖАШАГЫСЫ КЕЛЕТ
Эбу Саид Пайгамбарбыз (сав) мындай дегенин риваят
кылат: «... Андан соң Аллах Таала Эхли Бейтимден бирөөнү (Аз. Мехди (ас)ды)
зулумдукка толгон жер жүзүн адилеттикке толтурушу үчүн жөнөтөт. Асман менен жер
жашоочулары андан (Аз. Мехди (ас)дан) ыраазы болушат. Жер жүзү бүт өсүмдүктөрүн
аларга өстүрөт жана асман тынымсыз аларга жамгыр жаадырат. ... АЛЛАХ ТААЛА ЖЕР ЖҮЗҮНӨ ТҮШҮРГӨН МЫНЧА КӨП ЖАКШЫЛЫКТАР СЕБЕБИНЕН
ӨЛҮКТӨР КАЙРАДАН ЖАШООНУ КААЛАШАТ.» (El-Beyan, б. 72,
Es-Sevaik-ul Muhrika, б. 161,
Yenabi-ul Mevedde, т.2, б. 177)
Кошумча маалымат үчүн караңыз:
YanıtlaSilhttp://mehdikelet.blogspot.com/
Жана ошондой эле:
http://harunyahya-kg.blogspot.com/
http://kurankeremetteri.blogspot.com/